www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз жүзүн ааламга тааныткан Чолпонбек Базарбаев аркылуу «кыргыз жүзү Чолпонбектин жүзүндөй» деп дүйнө эли тааныган учур болгон. Чолпонбек Базарбаев өзүнүн кадыр-баркы менен Маданият министри катары кыргыз маданиятын бийиктикке көтөрүп кетти.

«Агасын көрүп ини өсөт»-деп Кудайберген Базарбаев Маданият министрине орун басар болор менен кыргыздын тарыхий баалуулуктарын ЮНЕСКОго каттатуу үчүн өзүнүн болгон дараметин короткон.

Ал «замминистр» катары документтерин топтоп жана кытайлык кыргыздар аркылуу КЭР кошо талашканына карабай жанталашып, көптөгөн баалуулуктарды кыргыз эли үчүн сактап калганы эсибизде. Мындай дараметинен улам эл оозуна алынып калат.

2013-жылы май айында мурунку министрлер ала салып, камалып кеткен Социалдык өнүктүрүү министрлигине келет. Иш дегенде ичкен ашын таштаган Базарбаевдин эмне артыкчылыктары болгон:

1. Жөлөкпулдар 580 сомдон 710 сомго, социалдык жөлөкпул 307 сомдон 705 сомго чейин көтөрүлгөн.

2. Майып адамдарды колдоо министрлик жактан көтөрүлүп, чет элден келген гранттарга алар жүрө турган коляскалар көптөгөн майыптарга бекер алынып берилген.

3. «Жүрөктөн жүрөккө» аттуу кайрымдуулук акциясы жыл сайын өтүп турган. Ал кезде 26 миң мүмкүнчүлүгү чектелген балдар болуп, алардын ичинде 391и гана тиешелүү жайга барса калгандары үйүндө, кээ бирөө ата-энеси тарабынан кулпуланып жаткандар бар эле. Буларды коомчулук менен жакындан тааныштыруу үчүн ушул акцияны өткөзүп жаткан.

4. Майыптардын укугун коргогон конвенцияны даярдап, эл аралык уюмдар менен байланыш түзгөн.

5. Министрликте коррупцияга каршы күрөштү баштаган. Министрликке караштуу 15 мекемеде тамак-аш, дарылар кантип чыгымдалып жатканы ачык болуш үчүн ишеним телефондору аркылуу мыйзамсыз көрүнүштөргө каршы болгон. Ар бир мекемеде Байкоочулар кеңеши уюшулуп, катуу көзөмөлдүккө алынган.

6. Чет мамлекеттерден акчалуулардын кыргыздын балдарын багып алууга каршы чыккан. Бул сатып алууга барабар экенин түшүнгөн. Чет жарандарга берсе да анын артынан катуу көзөмөлдүккө алганды уюштурган. Базарбаев министр болуп турганда балдарды сатуу боюнча Кыргызстанда эч факт болгон эмес.

7. Социалдык кызматкерлердин айлык акысын көбөйтүү боюнча аракети текке кетпей, өкмөт тарабынан соцкызматкерлердин айлыгы көтөрүлгөн.

8. Кудайберген Базарбаев социалдык өнүктүрүү министри болуп турганда калктын бул министрликке болгон ишеними өсүп, министрликтер арасында рейтингде алдыңкы орундарды камсыз кылып турган.

9. Кудайберген Базарбаев саат 7 де ишке келип, кээ бир учурларда түнгө карабай иштеп берген. Ал эч кимге асылып кызматынан алган жок, бирок ар бир кызматкерге талапты катуу койгон.

10. Базарбаевден кызматтан кетиши саясий кырдаалда болгон. Ал «Кумтөрдүн» эл үчүн иштеп бериши үчүн бийлик жактаган мыйзамды колдобой, каршы чыккан. Бул бийликке жакпай калганын сезип, министрден кетүү тууралуу өзү арыз жазып кеткен. Бүгүн Кудайберген Базарбаев сыяктуу иштин көзүн билген министр керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости