www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) "экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчылары азайтылды" деген маалыматты төгүндөдү. Атайын кызматтын расмий өкүлү Рахат Сулайманов "Азаттыкка" билдиргендей, азыркы кезде экс-президенттер Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаевдин күзөтчүлөрүнүн саны бирдей:

- Бул маалымат туура эмес. Жакын арада экс-президенттин жансакчылары азайтылган жок. Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөөрдө экс-президенттин күзөтчүлөрү бир аз кемиген. Учурда Атамбаевдин да, Отунбаеванын да жансакчылары бирдей жана жетиштүү.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кайтарган мамлекеттик күзөт кызматкерлеринин штаты бир топ кыскартылганын буга чейин Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) өкүлү Кундуз Жолдубаева "Азаттыкка" ырастаган. УКМК да, КСДП да экс-президентти канча күзөтчү кайтараарын так айтышкан жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости