www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Жалал-Абад шаарынын мэриясынын аткаруу комитетинин жыйынында быйылкы 9 ай аралыгында шаардын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн абалы тууралуу маселе каралып, анда шаар мэри Мураталы Тагаев тейлөө тармактарындагы дебитордук карыздарды жыл аягына чейин 30 пайыз кыскартууну талап кылды.

Жыйында айтылгандай, Жалал-Абад шаары боюнча электр кубатын пайдалангандык үчүн дебитордук карыз 9 айда 7 миллион 44 миң сомду түзгөн. Шаар газ чарбасына болгон дебитордук карыздар өлчөмү 2 миллион 367 миң сомду түзүп, өткөн жыла салыштырмалуу 959,6 миң сомго көбөйүп кеткен. Ал эми жылуулук берүү мекемесине болгон дебитордук карыздар көлөмү 1 миллион 8,5 миң сом болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 902,9 сомго азайган.

Шаар мэри тийиштүү ишканалардын жетекчилерине жана шаардагы аймактык башкарууларга жыл аягына чейин бардык тейлөө ишканаларындагы дебитордук карыздарды 30 пайызга чейин кыскартуу тапшырмасын койду. Ошондой эле тапшырманы аткара албагандарга тийиштүү жаза чаралары көрүлөрүн эскертти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости