www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун камалышынан азыркы президент Сооронбай Жээнбековго жакын адамдар сабак алышы керек. Мындай пикирин "Азаттыкка" Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев билдирди:

- Бул элге, оппозицияга же башкаларга эмес, так ошол Сооронбай Жээнбековдун командасына эң чоң коңгуроо. Азыр утурумдук чоң бийликте болушуң мүмкүн, сотторду же күч органдарын каалагандай башкарышың, бизнести кармашың, шайлоодо тизме түзүшүң мүмкүн, бирок мунун баары убактылуу. Президентке чындыкты жеткирип, аны туура жолдон адаштырбай, жакшы жакка багыттоо - анын жанындагылардын иши.

20-октябрда "Шопур" деген каймана ат менен таанылган жана экс-президенттин эң ишенимдүү адамдарынын бири катары айтылган Икрамжан Илмиянов "Алдамчылык" беренеси менен Орусиядан кармалып, Кыргызстанга жеткирилген.

Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 28-ноябрга чейин камакка алуу тууралуу чечим чыгарып, УКМКнын тергөө абагына камалган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости