www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тууралуу бир нече сөздөр тарады. NazarNews.kg маалымат агенттигинин өздүк булактарынын билдирген маалыматына караганда Алмазбек Атамбаев, бүгүн, 22-октябрда Бишкек-Москва авиакаттамы менен Москвага учуп кетти.

Дагы бир бизге жеткен маалыматтарга таянсак Атамбаевди коштогон эч бир саясатчы жок, жансакчысы гана бар. 

Экс-президент менен бирге тагдырдын тамашасы менен Нариман Түлеев дагы бир каттамда учкан. 

“Шопур (Илмиянов Икрамжан) камакка алынгандан кийин качып кетүүнү чечти окшойт. Учакта бара жаткандар Атамбаевге жагымсыз сөздөрдү айтып жатышат. Мен дагы өлкөнү эмне кылгандыгын айтайын десем, дүлөй кишидей отурат”,- деп жазган Нариман Түлеев.

Айрым өздүк булактар “Алмазбек Атамбаев Кыргызстандан Москвага качып чыгып кетти” деп айтышууда. 

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Орусияга уча турганын КСДП басма сөз кызматы 22-23-октябрда Санкт-Петербургда жеңесинин тажиясына барып, 24-27-октябрда Москвада өтө турган саясий партиялардын эл аралык жыйынына катышат деп билдирди. Алмазбек Атамбаев 28-октябрда Бишкекке кайтып келээри да белгиленген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости