www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Жээнбеков бир жылда эки жолу сыйлык тапшырууга үлгүрдү. Бул ирет жалпысынан 166 адамга ар кандай наам-сыйлыктарды ыйгарды.
II даражадагы "Манас" орденин мамлекеттик ишмер Исмаил Исаковго, Инженердик академиянын вице-президенти Карыпбек Алымкуловго жана Тоо-кен өнөр жайчылар жана геологдор ассоциациясынын төрагасы Орозбек Дүйшеевге ыйгарды.
III даражадагы "Манас" ордени Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Лингвистика институтунун директору Сыртбай Мусаевге тапшырылган.
Андан сырткары "Даңк" медалы жети, «Кыргыз Республикасынын эл артисти» наамы төрт, «Кыргыз Республикасынын эл акыны» наамы эки кишиге берилген.
Ошондой эле «Кыргыз Республикасынын эл артисти» наамына сегиз киши татыган. Арасында артист, куудул Абдылда Иманкулов да бар.
Көбүнчө сыйлык-наам маселесинде аймактагы татыктууларга басым жасашканы байкалат. Кантсе да "Аймактарды өнүктүрүү жылы" дешкен окшобойбу.
Бирок саясатта сасык иштери менен белгилүү болгон миллионер депутаттарды, «Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наам менен "уялчаак" депутат Камчыбек Жолдошбаев менен Азамат Арапбаевди сыйлады. Экөөнүн тең далай былыктары бар.
Баса, генерал Исаковго берилген сыйлык да көпчүлүктү таң калтырып койду.
Булак: "Багыт"