www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Куудул Жамбыл Камчиев өзүнүн Фейсбук баракчасына акча саясатына байланышкан маселе менен бөлүштү. 

Анда Кыргызстанда сомдун тартыштыгы, финансы маселесиндеги көйгөйлөр тууралуу сөз кылып, Улуттук банктын жетекчилерин камакка алуу боюнча оюн айткан. 

Бул тууралуу: 

– Кыргызстанда акча тартыш. Сомдун массасы жетишпейт...!

Россияда 145 миллион калкка 
114 триллион рубль жүгүртүлөт.
Ар бир жаранга бөлө келгенде , 312 миң  рублдан туура келет...

Кытайда 1, 5 миллиард калкка
117 триллион юань иштетилет.
Ар бир кытайлыкка 74 миң юандан туура келет.

Кыргызстанда 7 млн калкка 200 миллиард сом жүгүртүлөт. Ар бир кыргызстандыкка бөлө келгенде 25 миң сомдон туура келиши мүмкүн... 

Ошондуктан, өлкөбүздө 1 триллион сом акча жасап чыгарылып, 800дөй мамлекеттик банктарды ачып, процентсиз кредиттерди аз-аздан таркатууну баштоо керек деп он жылдан бери тынбай айтып келем...

Ак үйдө, же парламентте башы иштеген бир инсанды көрө элекмин. Эч кимисинин акылы жетпей жатат... Өлкөбүздө акча табуу кошуна өлкөлөргө салыштырмалуу бир топ татаал.

Ошондуктан 2 миллион кыргызстандык 40 өлкөдө тентип, мусаапыр болуп жүрүшөт. Мен президент болуп калсам, биринчи кезекте Улуттук Банктын жетекчилерин камакка аламын.

Элибизге азап, тозокту алып келгендер ушулар!!!, – деп жазды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости