www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Легендарлуу парламенттин депутаты, академик Жамин Акималиев, “Келечекте биздин ишкерлерибиз электрондук-товардык жүгүртүүгө же болбосо ЭТТКга өтүүгө зарыл болот. Бирок мындай орчундуу реформаны жасаш үчүн соодагерлерибизди ушундай жаңы ыкмага үйрөтүү жана окутуу талап кылынат. Бул бир-эки жылда бүтө койчу нерсе эмес. Ал үчүн алдын ала даярдануу зарыл. Ушул себептен Жаңы жылдын 1-январынан баштап эле ЭТТНга толук өтүүгө бардыгын милдеттендирүү – бул шашкан иш”, - деген пикирин NazarNews маалымат агенттигине билдирди. 

-- "Акылбек Жапаровдун өкмөтү мамлекеттик бюджетти бир жылда эки эсеге, ал эми кийинчерээк төрт эсеге көбөйтөбүз деген куру убаданы берип алып, азыр кыйналып турган кербези. Ушундан улам, ал жалпы элден, өзгөчө ишкерлерден салыктын бардык түрлөрүн көбөйтүүгө жанын сабап турган учуру. Жалгыз салык менен өлкөнү алдыга жылдыра албайбыз. Салык деген чалкып жаткан көл эмес. Анын дагы мыйзамдуу бир чеги бар. Кечке эле "салык-салык" дей берсек, анда өлкө сазга батат, сырткы жана ички инвесторлор аябай азаят. Ишкерлер салыкты аз алган өлкөлөргө качып кетет. Менин жеке пикиримде, өлкөнү өркүндөтүүнүн жана калкыбыздын жашоо деңгээлин көтөрүүнүн негизги жолу – бул салыкты эртеден кечке эле көбөйтө берүү эмес, ата-мекендик реалдуу экономиканы өстүрүү болуп саналат. Мисалы, айыл чарба тармагын колго алып, өзүбүздү өзүбүз азык-түлүк менен камсыз кылсак, анда улуттук киреше 1,5 эсеге көтөрүлүшү абзел. Анткени, импорт кескин түрдө азайып, мамлекеттик бюджет толо баштайт, инфляция төмөндөп, тамак-аштын баасы асмандабайт. 

Эмне үчүн биз эмдигиче өнөр-жайды өз ордуна коё албай жатабыз? Совет доорундагыдай оор өнөр жайы болбосо дагы, жеңил өнөр жайы боюнча ири фабрикаларды курсак болмок да? 

Ал үчүн өзүбүздөн чыккан чийки зат жетиштүү. Андай болгондо мамлекеттик кирешебиз көз-көрүнөө көбөйүп, миңдеген жумушсуз адамдар ишке тартылат эле. Азыркы кезде өндүрүлгөн азык-түлүктүн 10 пайызы гана кайра иштетилип, даяр продукциянын 33 пайызы коромжуга учуруп жатат. Мунун азабын дыйкандар тартып, алар банкрот боло башташты. Эмне үчүн биз кайра иштетүүчү завод-фабрикаларды, сактоо жайларын жана логистикалык кампаларды курбай олтурабыз. Мунун айынан товарлардын өзүнө турган наркы көтөрүлүп, бюджетке акча түшпөй жатат. Эгерде министрлер кабинети ушундай стратегиялык багыттар менен кетсе, анда биз жакынкы эле жылдарда өнүккөн өлкөгө айланабыз. "Калк айтса, калп айтпайт" дегендей, элдин пикири менен эсептешүүгө убакыт жетти го деген ойдомун, - деди Жамин Акималиев.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости