www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Интернеттеги Жогорку Кеңешке болгон сын негиздүү деп айтат элем. Анткени, азыркы парламент бир топ маселеде мококтук кылып, эл ишеничинен кеткенин тана албайбыз. Элдин купулуна толбогон себеби, баардык принципиалдуу маселелерде Жогорку Кеңеш президентгик аппараттын, керек болсо өкмөттүн каалоосу менен макул болуп, аларга кызмат кылган учурлар көп болду.
Мисалы,мөңгүлөрдү талкалоого макул болгула» десе макул болот, «саясый камоолорго унчукпагыла» десе ЖК ага да макул. Элдин көңүлү ошондон калды. Мен муну абдан көп анализдедим, проблеманын баары улуттук коопсуздук кызматы менен башкы прокуратура кимге баш ийсе, ошол бийлик бутагы күчтүүлүк кылып жатат. Бул кызматтарды азыр президент башкарат, демек, бийликке каршы чыккан депутаттар күч органдарынан тайсалдап турушат. Парламенттин басымдуу бөлүгүн бизнестен келгендер ээлейт эмеспи. Алар бизнесинде проблема болушун каалашпайт. Ошондуктан бул кырдаалдан чыгыш үчүн конкреттүү адамдар, талапкер үчүн добуш бериш керек. Биз мындай ыкманы сунуштап жатабыз, депутаттар макул болобу, башка маселе.
Азыр ким депутат болорун партия лидери чечип жатат, ал эми биз сунуштаган долбоордо партияга добуш берүү менен талапкерлерге да добуш бергидей кылабыз. Жанагы эл менен такыр иштебеген депутаттарды шайлоодон жыгыла турган кылышыбыз керек. Ошондо парламентке «чимкириктер» келеби, же чыныгы элита келеби, элдин тандоосунда болот. Ал эми азыр «ЖК таркасын» деген талап мыйзам ченемдүү көрүнүш, шайлоого бир гана жыл калды, баары шайлоого даярдансын. Ансыз деле азыртан тымызын шайлоо кампаниясы башталды, дагы алты айдан соң ачык эле сүйлөшүүлөр башталат. Эл бул ирет кыраакы болуп, байларды эмес, элдик кишилерди тандап алат деген ишеним чоң, - деп "АЗИЯnews" өз пикирин коомчулукка жарыялаган.
Булак: NazarNews.kg