www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атамбаев бийликке келер менен жаракадан чыккансып Мухаммедкалый Абылгазиев деген саясий фигура айдыңга чыкты. 2019 - жылдын апрелинде Атамбаевге окшоп былтыйып отуруп албай, Жээнбеков парламентте эл алдында чыккан. Көп айткандарынын ичинен буюрса быйыл мугалимдердин айлыгын көтөрөбүз дегени бар. Мугалимдер айлыгы көтөрүлгөнгө татыктуу, анын үстүндө эмгек жолун орус тил мугалими катары баштаган Сооронбай Шарипович да совет убагында мугалим ардактуу кесип экенин билер. Улуу Ата мекендик согуш учурунда Иосиф Сталин айлыгынан тышкары мугалимдерге ун берип турган, кийин Леонид Брежнев мугалимдерге отун түшүрүп, электр энергиясын бекер кылган. Роза Отунбаева аз президент болсо да мугалимдердин айлык акысын жогорулатып кеткен. Ошол бойдон мугалимдерди унутуп калышкан.
Президент болордо убадасына турду, Жээнбеков быйыл мугалимдердин айлыгын көтөрүү үчүн, Финансы министрине көрсөтмөлөрду берген. Таң калычтуусу мугалимдердин айлыгын мен көтөрүп жатам деп, ортодо түнү Атамбаевге, күндүз Жээнбековго иштеген Абылгазиевдин пиар жасап жатканы. Мындай өкмөт башчысы элге жакшылык деле алып келбейт го, айтыш керек президенттин апрелде эл алдында айтканын ишин жүзөгө ашырып жатабыз деп, өзүн мактабай.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg