www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи, экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун иши жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароого жөнөтүлдү.

Иш Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кайра каралмай болду. «Буга чейинки соттордун өкүмдөрү жокко чыгарылды. Эми жаңы ачылган жагдайлар, жаңы далилдер менен каралат. Мурда айта албаган, билдире албаган адамдар «айтып берибиз» деп бизге кайрылып жатышат. Эми Биринчи Май райондук сотунда мурда каралбаган жаңы далилдер каралып, Текебаев сөзсүз акталат. Акталуунун жолу бүгүн башталды» деди адвокаты Таалайкүл Токтакунова. Ошого катар Текебаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен сотко кайрылышарын да кошумчалады. Кырдаалды туура аныкгоо үчүн дагы бир өңүттөн кеп козгосок болот. Алмазбек Атамбаев камалып, анын электораты, күйөрмандары бук болуп жатышканда, саясатта көңүлдү башка жакка бурууга кадамдар жасалышы керек болчу.

Тең салмактуулук болуш үчүн Текебаевдин ишин кайра каратууга, керек болсо камактан актап чыгаруу менен коомчулукту алаксытууга, саясый толкундун багытын коркунучсуз тарапка бурууга жетишсе болот. Мындай көрүнүш реалдуу түрдө жемишин берери шексиз. Алысты көрө билген адамдар ушул логиканын эп экенин түшүнүшөт, - дейт "АЗИЯnews" гезити.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости