www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы Муун” саясий кыймылынын коомчулукка КАЙРЫЛУУСУ!

Урматтуу Кыргызстандыктар! Биз, “Жаңы Муун” саясый кыймылынын мүчөлөрү учурдагы саясий кырдаалдын курчуп, бийлик өз оппоненттерине карата кысымды күчөтүп, адилетсиз кадамдарга барып жатканына тынчсызданып жатканыбызды билдиребиз.

Атамбаевдик бийлик өлкөдө болуп жаткан окуяларга байланыштуу сын пикирин айткан бир катар саясатчыларга негизсиз айып коюп, камакка алып, куугунтуктап келди. Ал учурда ар ким өз алына жараша айбат көрсөтүп, биргеликте каршылык кыла алышкан жок.

Мындай абалдан пайдаланып ким бийликке жакпаган пикир айткан болсо, анын мизин оңой эле кайтарып коюуну адат кылып алышты. Мунун кесепетинен көптөгөн белдүү азаматтар абакка салынып, өлкөдөн куулуп, эркин оюн айткандарга миллиондогон айып илинип, бийлик биротоло ажыдаарга айланды.

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевди өз элинде аферист, алдамчылыгы менен бир канча жолу жоопкерчиликке тартылган Маевский деген адамдын көрсөтмөсү аркылуу, эч бир далили жок айыптоону коюп камакка алды. Ал, өз эрки менен келе жатканына карабай “Манас” аэропортунан кармап келип, абакка салышты.

Мындай зөөкүрчүлүктөргө болгон коомчулуктун кайдыгерлигинен пайдаланып, Кыргызстанга өзү келе турганын жарыялаган экс-депутат Садыр Жапаровго да ушундай эле мамиле жасалды. Аны, чек арадан алып келүүгө жүздөгөн куралдуу күч органдарын жөнөтүп, коркунучтуу башкесерди кармачудай аракет көрүштү. Садыр Жапаровду шашылыш камакка алып, анын боштондугун талап кылып тынч митинг уюштурган элди курал менен атып таратты. Кача албай калган 105 адамды камап, анын ичинен 12 жаранга оор айып коюп, кылмыш ишин козгоду. Анын арасында мигранттар, жаш балдар жана Садыр Жапаровдун бир туугандарын 7 жыл эркинен ажыратуу жазасы күтүп жатат. Учурда алар СИЗОдо кармалууда.

Эми, СИЗО – 1ге камалган Садыр Жапаровдун мойнунун күрөө тамыры, колунун венасы кесилип, оор абалда чала жан жатат. Анын абалы боюнча ачык маалымат берилген жок, күмөндүү маалыматтар таралууда. Урматтуу коомчулук! “Жаңы Муун” саясий кыймылы мындай мыйзамсыздык, бийликтин аша чапкан аракеттерин кескин сынга алабыз. Оппозиция мүчөлөрүн мыйзам, укуктук жол менен эмес, бандиттик ыкмалар менен жазалай баштады.

Эртең, ар бир оппозиционердин башында коркунуч жок деп эч ким кепилдик бере албайт. Бийлик элдин үнүн уккусу келбей калды. Карапайым элдин чырылдаган чындыгына караганда, Атамбаевдин айланасындагы 5-6 чала сабат кеңешчилеринин маалыматы ага маанилүү болуп калды. Биз, буга чейинки басып өткөн жолубузда эки бийликти жарга салып, жолдон адаштырган шылуундар бүгүн Атамбаевди куурчап алганын көрүп турабыз.

Урматтуу Алмазбек Шаршенович! Кеч боло электе этегиңизди жаап, эсиңизге келңиз! Сиз, өз бийлигиңиздин күчтүүлүгүн көрсөтөм деп, өзүңүздүн кыска ойлонгонуңузду далилдеп жатасыз! Мындай адилетсиздик менен эч ким бийлигин сактап кала алган эмес! Кеч боло электе адилеттүүлүккө кайтыңыз! Акыркы президенттик мөөнөтүңүздү тынчтык жолу менен өткөрүп берүүгө, элдин кыжырын келтирбөөгө чакырабыз жана учурда саясий куугунтук менен камакта жаткан абийир туткундарынын баарына боштондук кылууңузду талап кылабыз!

Ал эми азыр бийликтин камчысына айланып, ашыкча кызмат кылып жатышкан айрымдардын эсине төмөнкү сөздөрдү сала кетебиз: Сөзсүз жооп берүүчү күнүңөр келет! Биз ар бир кыймыл аракеттериңерди атайын, белгилеп, фактылар менен толуктап, документтештирүүдөбүз! Эртедир кечтир сөзсүз люстрация маселесин көтөрүп чыгабыз! Бүгүнкү бөрк ал десе баш алууга даяр, элди кордоого катышып жаткандарды биз эч качан унутпайбыз!

“Жаңы Муун” саясий кыймылынын мүчөлөрү

Булак: NazarNews.kg

Последние новости