www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көз адамдын көрүүдөн сырткары сезүүчү негизги органдарынын бири болуп саналат. Көз ооруларына чалдыгуу өмүр бою аны менен алышууга алып келет. Андыктан, көз оорууларынын түрлөрү жана алардын коркунучу, жугуу жолдору тууралуу биле жүрүңүз.

- Бакыт Турдуниязовна, көз ооруулары жугуштуу оорулардын катарына киреби? 

- Көздүн айрым ооруулары жугуштуу эмес болсо, айрымдары жугуштуу. Мисалы, конъюнктивит, трахома, блефарит жана башкалар. Ал шейшеп, сүлгү, бет аарчы жана башка аркылуу жугат. Көп учурда ооруу козгогучтар көзгө кир кол менен түшөт, ошондуктан көздү сактоо жана ар кандай дарттардан коргоо үчүн өздүк гигиена эрежелерин сактоо зарыл.

- Ал эми жугуштуу эмес оорулар, көздүн көрүүсүнүн начарлашы кайдан пайда болот?

- Көздүн бузулушу - көбүнчө ички органдардын же системалардын кандайдыр бир ооруусуна байланыштуу болот. Борбордук жана четки нерв системаларынын, жүрөк-кан тамыр системаларынан ооруусунан, ууланууда, зат алмашуу, ички секреция бездери бузулгандан, ошондой эле көзгө жакын жайгашкан органдардын ооруу процессинин таралышынан көздө өзгөрүүлөр пайда болуп, андан глаукома оорусу козголушу мүмкүн.

- Глаукома кандай ооруу? Ооруунун келип чыгуу себептери кайсылар?  

- Глаукома бул бири-бирине жукпаган, бирок тез-тез кайталануучу өнөкөт ооруу. Ага мүнөздүү белгилер катары көздүн кан басымынын көтөрүлүшү, аны менен бирге көздүн тамырлары ичкерип, кан айлануусу бузулуп, бара-бара сокурдукка алып келгендигинде. Глаукома менен жер бетиндеги адамдардын 2-3 пайызы, башкача айтканда 67-70 млн. адам ооруйт.

Анын ар бир онунчусу сокур. Бул ооруунун негизги себеби али тактала элек. Бирок, негизинен аны менен 40 жаштан ашкандар, укум-тукумунда көз оорусу барлар, жүрөк ооруусу менен жабыркагандар, кан басымы жогорулар жана төмөндөр, кант диабети менен ооругандар, мээнин кан айлануусу начарлар, шакый менен ооругандар, алысты жакшы көрбөгөндөр, гормондук ооруулардан жабыркагандар оорушат. Негизи глаукома эки түргө бөлүнөт.

- Ал кандай түрлөр жана алардын айырмасы эмнеде?

- Алар ачык бурчтуу жана жабык бурчтуу глаукома. Ачык бурчтуу глакуома менен калктын 80 пайызы ооруйт. Ооруунун бул түрү менен жабыркагандар анын башталышын да билбей калат. Кээ бир учурларда гана көздүн салмактануусун, каректердин ооруксунтканын, көздүн көрүүсү начарлап, түтүн басып тургандай, абалга келгенде сезесиң. Көз айнектерди тез-тез алмаштырып туруу адатка айланат. Көпчүлүк учурларда оорулуу ооруну этибар албай жүрө беришет да, качан гана бул көрүнүш 3-4 жолу кайталаганда дарыгерге кайрылышат.

Ал эми жабык бурчу өтө тез арада, күтүүсүз кармап калышы мүмкүн. Бул түрү көбүнчө нерв тамырлары начарлаганда пайда болот. Мисалы: өтө кайгырганда, корккондо, мээ чарчаганда, спирт ичимдиктерин көп колдонгон учурда. Ал эми белгилери катары  көздүн чанагынан өтө катуу ооруусу, баштын катуу ооруусу, ар кыл түстөрдүн башкача өңдө көрүнүшү, баштын айлануусун айтсак болот. Бул учурлар бир канча сааттан бир нече күнгө чейин созулуп, көздүн көрүүсү начарлайт. Глаукоманын кайсы түрү болбосун ооруу белгилери байкалган учурдан тартып дарыланбаса көздүн көрүүсү начарлап, сокурдукка алып келет.

 - Жогоруда сиз атап кеткен ооруларды дарылоого мүмкүнбү?

- Көз оорууларын дарыгерсиз өз алдынча дарылоо мүмкүн эмес. Алгач дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп, так аныкталган диагноздон кийин, көздүн кан басымын төмөндөтүп, кан айлануу системасын, көздүн алмаштыруу процесстерин жакшыртып, туура жашоо шартын түзүү керек.  

- Дарыгер катары окурмандарга кандай кеңеш бере аласыз?

- Көрүү начарлай баштаганын байкасаңыз дароо дарыгерге кайрылуу зарыл. Эгер ал көз айнек жазып берсе, аны сөзсүз пайдалануу шарт. Биз жашаган аалам кандай кооз, сүйкүмдүү экенин  көз аркылуу гана сезе алабыз! Ошондуктан көздүн карегин сакташыбыз керек!

Булак: “Алиби”

Последние новости