www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаңырган жылдын кириши менен жаңы мыйзамдар күчүнө кирип баштайт деп жар салып жатышат. Түкүрсөң, сөгүнсөң, тамеки тартсаң, ылдамдыкты 40 тан ашырсаң олчойгон штраф төлөйсүң деген сыяктуу. Бул ыкма өкмөттүн, парламенттин бюджетти толтуруунун айла кеткендеги арсыз амалы го катыгүн. Бул дегени жаңы өтүк алып бергендин ордуна бир бутун чечип алып, эки бутун бир өтүккө тыгып койгондой болуп калды го.
Биздин өкмөт дароо эле Сингапурдай боло калгысы келген экен го штрафтарды салып. Адегенде Сингапурдай өнүгүү жолун тандап алганда болмок. Канткенде элдин жашоосун оңдосок болот, канткенде өлкөбүздү өнүктүрсөк болот, канткенде жаркыраган өлкө болобуз, канткенде кадыр-барктуу мамлекет боло алабыз деген үлкөн максаттардын үстүндө иштөөнүн ордуна кайдагы бир майда нерселерден акча жасайбыз деп калкынын көңүлүн айнытып, калкынын канын ичип бүтмөй болду го бул өкмөт ыя!
Жыйырма жети жылдан бери "бейкуттукту берет кыргыз жерине", "досторуна даяр дилин берүүгө" деп колду көкүрөккө коюп ырдап жүрүп элибиздин да, жерибиздин да куту учуп, жерлерибиз кыркылып "белекке" берилип жатат.
Биринчиден, эгер өкмөт, парламент өлкөнүн жашоосун оңдойм десе гимнди кайра башынан өзгөртүп, оңдоп чыксын да. Биздин ооздон эмне чыкса Кудай дагы ошону берди да. Сөздү, ниетти оңдобосо миллиондоп штраф салса да өзгөрүү болбойт. Экинчиден, түкүрбөсүн десе, анда көчөлөрдү иретке келтирсин. Көчөлөр чаң басып, уңкул- чуңкур болуп жатса, анысы аз келгенсип баса турган жер калбай тротуарлардан бери базар болуп шаар ичи иретсиз. Баарысын жаркыратып ирээтке келтирип койгула дагы, анан түкүрбө, булгаба, тамеки чекпе, сындырба жана башка ушул сыяктуу тыюуларды салса жарашмак.
Жаркырап таза болуп турса, таштанды таштоочу челектер болсо, тамеки тартчу жай болсо кантип анан булгайсың ыя?! Булгагандан өзүң деле уяласың да. Канализация системасы жакшы иштебегендиктен шаарларда "жыттуу" ажатканалар элди тейлеп келет. Жайкысын жыты аңкып калат. Анан кайсыл арыбызга тыюу салып жатабыз?
Албетте, жол эрежесин сактоо ар бир айдоочунун милдети. Бирок, 40 км/сааттан ашсаң 7500 сом штраф дегени бул акылга сыйбаган иш. Бул деген бир кызматкердин бир айлык маянасы го. Бир айда тапкан акчасын ылдамдыкты ашырып жибергени үчүн эле төлөп жатса, бул дегени акыйкатсыздык. Бул мыйзам менен өкмөт дагы, парламент дагы алкыш албай каргышка калышат.
Орусияда ылдамдыкты ашырганың үчүн штраф 500 рубль. Сегиз күндүн ичинде төлөсөң 250 рубль төлөйсүң. Ошондо да 250 рубль төлөп калбайын деп эрежени сактаганга тырышасың. 40 деген жерде 60ка чейин мүмкүн, 60та 80ге чейин мүмкүн экен. Эгер 60-80 ден жогору болсо штраф келет экен. Ал жакта МАИ кызматкерлери биздегидей көрүнгөн жерде турбайт экен. Ал жакта камерага түшүп калбасам экен деп абайлайсың. Бул жагынан Орусия бизден ат чабым алдыда экен. 5 млн калкы бар Санкт-Петербург шаарында эчак эле камералар коюлуптур. А биздин 1млнго жетпеген калкы бар Бишкегибизге эмдигиче камера коё албай убара болуп келишет.
Бул мыйзамдары, штрафтары менен жашоо оңолуп кетпейт го. Качанга чейин калкынын канын мите курттай сорушат болду экен? Өзүбүздүн мыйзамдар өзүбүзгө каршы. Торгой жумуртка тууй турган койдун жүнүн өстүрбөй кыркып жатса, анан кантип торгой жумурткаласын?!
Аууу Бийлик аке, Өкмөт аке, Парламент аке-абжелер штрафтарды көтөргөнчө айлыктарды көтөрүүнүн жолун издесеңиздер болмок экен. Каргыш албай алкыш алгыла! Өз элиңерге душман болбой, өз эли-жериңерди досмун деп далыңарга таптагандардан сактагыла! Кыргызстанды сакташ керек, сакташ керек!
Кээде айласыздан Кыргызстанда жаралып, жашап калганыңа бир чети өкүнүп, бир чети арданууга мажбур болуп кетесиң адам. Ооба, айласыздан....
Акбар Сагынов, Салам-Алик айылы, 2019-жылдын 3-январы
Булак: NazarNews.kg