www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзүнүн өзгөчө ой толгоосу менен коомдо пикир жаратып талкууга алынган Назира Айтбекова өзүнүн кезектеги ой толгоосун жарыя кылды. Ал өз сөзүндө "намыс, эл эмне дейт деп чыдап, тиштенип, ошол кордукка чыдап жүрүп чоңойтушат биздин энелер. Бизде эрден чыкты деген кеп өлүмдөн катуу болгон,"- дейт. Толугу менен төмөндө окуй аласыздар.

"Аял күчтүү болсо, андан туулган тукум күчтүү болот! Илгери ата - бабалар мыкты тукум калтырыш үчүн жатыны жакшы деп, күчтүү кыздарды издеген экен. 70% генди бала энеден алат дейт окумуштуулар. Энеси жаман эзели оңолбойт деген кеп да бекеринен чыкпаса керек. Эне билимдүү, күчтүү, дени сак, моралдык, психикалык жактан бекем болсо, силерге мыкты тукумдарды калтырат! Улут күчтүү болот!

Мамлекетти акылдуулар, психикалык жактан жабыркабагандар, дени соолор башкарса, сонун да! Силерге билинбегени менен үйдөгү чатак, уруш, эненин кордолушу баланын жүрөгүнө, көңүлүнө, психикасына, ден соолугуна, эң башкысы тагдырына чоң залал келтирип, айыкпас так салат! Намыс, эл эмне дейт деп чыдап, тиштенип, ошол кордукка чыдап жүрүп чоңойтушат биздин энелер.

Бизде эрден чыкты деген кеп өлүмдөн катуу болгон. Аны билген айрым эр сөрөйлөр өмүр бою күчүн көрсөтүп жашашкан. Элестетиңиз, ошону көргөн балдардын көңүлүндө көбүргөн жараны! Азыр заман башка. Аялдар укугун коргогонду, өзүн эздирбгенди үйрөнүп, билим алып, өсүүгө далалат кылышы керек. Көп өлкө кыдырдым. Биздин аялдардай күчтүү, чыдамкай, намыстуу, эрктүү, эшикке чыгып, эркектин жумушун, үйгө кирип, аялдын ишин кылган бир да аял көргөнүм жок. Бир аз колдоо күтөбүз силерден! 

Баягы күндөн бери асындыңар, асылдыңар, басындыңар, сөктүңөр, уу тилиңерди төктүңөр, арманыңарга арданып, айлаңар кетип чөктүңөр! Аялды ардактагыла десем, чалкаңардан кеттиңер, сөөгүмдү кемирип, чучугуна жеттиңер! (Чиңгил - чиңгил комузумду күүлөп коеюн ушул жерден)

Менин максатым - эркекти курут кылып, жок кылуу эмес. Грамм переживайт кылбагыла! Силерсиз күнүбүз өтөбү, ээ айланайындар!..

Айткым келгени, сөзүмдүн төркүнү башка! Өлкөнүн айымдары кордолбосо, кир колуңду салып койнуна зордолбосо, ийне менен кудук казып, билим алсын, дүйнө жүзүн кыдырсын, көп нерсени билип алсын дегеним! Чыныгы мырзалар бар! Алар билимдүүлөр! Көкүрөгүндө көзү барлар! Ырахмат силерге! Силердин катар көбөйсүн! Суюлбасын! Өлкөбүз үчүн чырылдагысы келген эрке кызыңар! 

P.s. өткөндөгү зомбулук тууралуу инстаграмдагы статусумдун алдына 1000 комментарий келди окурмандардан. Атасынын зомбулугун көрүп, стрессте жүргөн көп балдардын көз жашын окуй аласыздар. Сөзүм кур эмес дегим келди"-деди Назира Айтбекова өз сөзүндө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости