www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов жаңы жагдайлар тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди.

"2019-жылдын 8-январь күнү "Садыр Жапаровтун иши боюнча жаңы жагдай жок"- деген Биринчи Май райондук прокуратурасынын жана Бишкек шаардык прокуратурасынын токтомун жокко чыгарып кылмыш ишти жаңы ачылган жагдайлар боюнча кароо үчүн Биринчи Май райондук сотуна өткөзүп берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына даттандым. Жаңы жагдай катары 4 күбөнүн мурда тергөөдө жана сотто аларды коркутуп, уруп сабап көрсөтмө алгандыктарын айткан видео кайрылуулары жана түшүнүк каттары экенин эскерте кетем.

Анда алар Эмилбек Каптагаевти барымтага алууда Садыр Жапаровтун эч кандай тиешеси жок. Бизден коркутуу жолу менен көрсөтмө алган деп көрсөтүшкөн. Бул жагдайлар мурда изилденген эмес. Жогорку сот жаңы далилдерди изилдебейбиз деп биздин өтүнүчтү канааттандырбай койгон.

Эски мыйзамдын талабына ылайык КРнын ЖПКнын 384-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктунда, ал эми 2019-жылдын 1-январынан күчүнө кирген КРнын ЖПКнын 442-беренесинин 3-бөлүмүнүн 1-пунктунда жаңы ачылган жагдайлар катары соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү, аныктамасы, токтому тарабынан күчүнө кирген мыйзамсыз жана негизсиз өкүм, жабырлануучунун, күбөлөрдүн мурдагы көрсөтмөлөрүнөн баш тартып жаңы көрсөтмө бериши, эксперттин жалган кортунудусу, тилмечтин жалган котормосу, негиз болот деп көрсөтүлгөн. Ошондуктан бул иште 200 пайыз жаңы ачылган жагдайлар бар. Прокуратура эгер мыйзамдуу иш алып бара турган болсо ишти жаңы ачылган жагдайлар менен кароо үчүн Биринчи Май райондук сотуна өткөзүп берүү керек"- дейт камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун жактоочусу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости