www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы Кылмыш-жаза кодексинин ишке кириши менен гумандаштыруунун негизинде абактан чыга турган жарандар такталууда. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова “Азаттыкка” кабарлаган. Тактоо, ревизия жүргүзүү иштери үч айдын ичинде аякташы керек.

- Атайын бөлүмдөр бул багытта иштеп жатат. Биз жаңы мыйзамдарды анализдеп көрүп, чыга турган адамдардын болжолдуу санын айтканбыз. Анктени кээ бир мыйзамдар жок болуп, айрымдары башкага өзгөрүп жатат. Ошонун негизинде толук чыкпаса да жаза мөөнөтү кыскарып калышы мүмкүн. Биз бул боюнча документтерди прокуратурага жөнөтөбүз. Алар сотко жөнөтүп, мыйзам боюнча үч айдын ичинде каралып бүтүшү керек.

Буга чейин Жаза аткаруу кызматынын башчысы Таалайбек Жапаров депутаттардын суроосуна жооп берип жатып жаңы Кылмыш-жаза кодексинин ишке кириши менен 460 адам абактан чыга турганын айткан.

Акыркы расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда абакта отургандардын саны сегиз миңден ашат. Алардын 350дөйү аялдар. Ал эми Түрмөлөрдү изилдөө боюнча эл аралык борбордун маалыматына караганда, Кыргызстанда абакта отургандар он миңден ашат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости