www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Абылгазиев "түкүрүк" жөнүндө үн катты

Премьер Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген жана сот-укуктук реформалоо алкагында кабыл алынган жаңы кодекстерди жана мыйзамдарды ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

"Бири аны жактаса, бири нааразычылыгын айтууда. Бирок биздин милдет — жолдор коопсуз болуп, адамдар кырсыктан тышкары болуусун камсыздоо. Өлкөдөгү айдоочулардын маданиятын өзгөртүүгө, айдоочулар менен жөө жүргүнчүлөрдүн жол эрежесин сактай билүүсүнө жетишүүбүз керек. Жазаларды катаалдаштыруу көбүрөөк айып пул салууга эмес, жолдордогу тартипти сактоого багытталган. Айрым ченемдер катаалдаштырылган болсо да, алар милдеттүү болуп саналат жана өлкөнүн ар бир жараны аларды аткарышы абзел. Жарандарыбыз жазадан эч ким кача албастыгын түшүнүүсү маанилүү.

Албетте, биз жарандарда коомдук аң-сезимдин жана коомдо жүрүм-турум тажрыйбасынын калыптанышына өзгөчө көңүл бурууга тийишпиз. Айып салуу – бул объективдүү чара. Өсүп келе жаткан муундун тарбиясы үчүн коомдо жүрүм-турум эрежелерин өз балдарына сиңире турган ата-энелердин, улуулардын чоң жоопкерчилиги бар экенин эскерте кетем. Элибиз ар дайым тазалыкты сүйгөн жана жаратылышка, айлана-чөйрөгө аяр мамилеси менен айырмаланып келген. Биз өсүп келе жаткан муунга туура үлгү көрсөтүүбүз керек. Кыргызстандыктардын аң-сезими өсүүдө жана өлкөбүздө шаарлар коопсуз, көчөлөр жана короо-жайлар таза болушу керек", — деди өкмөт башчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости