www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы өкмөттүн толук программасы

Премьер-министр Улукбек Марипов башында турган жаңы өкмөттүн программасы «Чыныгы максаттар, жаңы келечектер» деп аталат. Анда Кыргызстандын келечеги, анык максаттары, стратегиялык багыттары, экономиканы модернизациялоо жана адамдык капиталды өнүктүрүү боюнча жазылган.

Өкмөт башчынын программасы Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы тарабынан www.kenesh.kg сайтына жарыяланган.

«Марал» радиосу өкмөттүн программасын толук түрдө (орфографиялык каталарды кошо алганда) өзгөртүүсүз жарыялайт.

  КИРИШҮҮ

Өкмөттүн иш-аракетинин негизги багыттары, жаңы Конституция кабыл алынып, күчүнө кирип, аткаруу бийлиги түзүлгөнгө чейинки мезгил аралыгында, өлкөнүн учурдагы абалын жана келечектеги өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талдоонун жыйынтыктарынын негизинде иштелип чыкты.

Өкмөттүн өткөөл мезгилдеги башкы милдети – бул, бүгүнкү реалдуу шартта Кыргыз Республикасын өнүктүрүү жана чоң өзгөрүүлөргө баруу үчүн пайдубалды түптөө менен негизги багыттарды аныктоо.

“Чыныгы максаттар, жаңы багыттар” программасы колдонулуп жаткан стратегиялык программалык документтердин толук кандуу укук мураскери болуп эсептелбейт, бирок, милдеттүү түрдө объективдүү саясий, экономикалык, социалдык жана экологиялык жагдайларды эске алуу менен, алардын мааниси эске алынат.

Өкмөт учурдагы түзүлгөн кырдаалды “жакырчылыктын тузагынан” чыгуу жана туруктуу өнүгүү жолуна түшүү үчүн эң жакшы мүмкүнчүлүк катары кабыл алат.

ЭКОНОМИКАНЫН УЧУРДАГЫ АБАЛЫ

Акыркы он жылдыкта Кыргызстандын экономикасы жылына 3,5% дан 4% чейинки өсүштү көрсөтүп жатты. Бул региондогу эң төмөн көрсөткүч. Дүйнөлүк банк менен Эларалык валюта фондунун маалыматтарына ылайык, коңшулаш Тажикстанда өсүш 6,5%, Өзбекстанда 8%, Түркмөнстанда – 9,5% көрсөткүчтөрдү жаратып жатты.

Ал эми 2020 жылы биздин ИДП (ВВП) төмөндөшү 8,1% түздү, бул СНГ мамлекеттеринин ичиндеги эң олутуу төмөндөө болду.

Бюджеттин дефицити 30 миллиард сомго жакын, ал эми түз инвестициялардын келиши өткөн жылдын 9 айында 30% кыскарды.

Мындай цифралар жалаң эле пандемиянын кесепети эмес, биздеги экономикалык моделдин, башкаруу системасынын эффективдүү эмес экендигинен дагы кабар берет.

КЕЛЕЧЕККЕ СЕРЕП

Кыргыз Республикасы — асман тиреген тоолордун өлкөсү. Эгемендүү жана көз карандысыз. Жашоо үчүн абдан ыңгайлуу, коомдук-саясий климаты туруктуу, меймандостук жана этностук каада — салтты сактаган коомчулуктун өлкөсү. Өлкө өзүнүн каада-салттары жана экологиялык жактан таза чөйрөсү менен таанымал. Жогорку стандарттагы социалдык акыйкаттуулукка, рыноктук экономика жана натыйжалуу мамлекеттик башкарууга ээ. Дүйнөлүк коомчулук жана өлкөнүн ар бир тургуну Кыргызстанды так ушундай кабыл алышат.

РЕАЛДУУ МАКСАТТАР

Орто мөөнөттүү келечекте өнүгүүнүн стратегиялык көрсөткүчтөрү:

  • Ички дүң продуктунун көлөмүн көбөйтүү;
  • Жакырчылыктын деңгээлин кыскартуу жана ар бир үй-бүлөнүн кирешесин көбөйтүү;
  • Орточо эмгек акысын жана пенсияларды көтөрүү;
  • Ар бир кыргызстандыктын сапаттуу билим алуусун, медициналык тейленүүсүн камсыздоо жана калктын жашоосунун узактыгын узартуу;
  • Азык — түлүк коопсуздугун толук камсыздоо;
  • Инвестициялык климатты жакшыртуу жана кичи, орто бизнес үчүн ыңгайлуу чөйрө түзүү;
  • Аймактардын өнүгүүсүндөгү айырманы кыскартуу;
  • Өлкөбүздө ыңгайлуу инфраструктура жана коммуникацияларды түзүү.

Стратегиялык милдеттер

  • Мамлекеттүүлүктү жана көз карандысыздыкты чыңдоо;
  • Мамлекеттин комплекстүү коопсуздугун камсыз кылуу;
  • Калктын жашоо сапатын жана бакубаттуулук деңгээлин жогорулатуу.

СТРАТЕГИЯЛЫК БАГЫТТАР

Башкаруунун жаңы тутуму

Өлкөдө башкаруу тутумунун реформасы башталды. Анын негизинде, ыйгарым укуктарды жана жоопкерчиликти так бөлүштүрүү жатат, анын аркасынан Өкмөт туруктуу болот, ыйгарым укуктар боюнча так эместиктер болбойт жана чечимдерди кабыл алуунун бир борбору болот. Мындан сырткары, реформа башкаруу түзүмдөрүн кыскартууну жана оптималдоону, чиновниктердин санын кыскартууну жана алардын пайдалуу иш-аракеттер коэффициентин жогорулатууну болжолдойт.

Өкмөттүн түзүмү компакттуу болот жана ар кандай маселелерге ыкчам жооп бере алат. Министрликтер жана ведомстволор кыскартуунун жана функцияларды кайрадан бөлүштүрүүнүн эсебинен бириктирилет.

Башкаруу түзүмүн оптималдоо, чыгымдарды кыскартууну болжолдойт.

Бардык мамлекеттик кызматчылар натыйжалуулуктун негизги индикаторлоруна (ННИ) которулат. Албетте, факты жүзүндөгү натыйжаларга багытталган эмгек акы тутуму да реформаланат.

Кадр саясаты меритократия принцибинде түзүлөт. Мамлекеттик кызматчылар боюнча талапкерлерге карата талаптар, мыйзамдуу бекитилет жана компетенттүүлүк жана кесиптик ыкмаларга негизделет.

Кесипкөй кадрларды колдоо жана коргоо механизмдери жайылтылат. “Карьералык өсүштөр”, ротация, квалификацияны дайыма жогорулатып туруу. Булардын баары регламенттерде жана кодекстерде бекитилет, ал жерлерде бардык жол-жоболор, тараптардын укуктары жана милдеттери даана жазылат.

Улуттук кадр резерви түзүлөт.

Мамлекеттик башкаруу тутумун санариптештирүү жаңы тездикке ээ болот. Беш жыл ичинде, күбөлөндүрүүчү жана маалымдама документтерди берүү боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр электрондук форматка которулат.

Мамлекеттик финансыны башкаруу тутумундагы программалык-максаттуу мамиле, башкаруунун тармактык жана административдик принциптерине алмашат. Стратегиялык жана финансылык пландоо тутуму оптималдашат, анын натыйжасында, органдардын бири жоюлат.

Ошондой эле, жарандар үчүн маалымат ресурстарына жана маалыматтардын ачык базасына жетүү мүмкүнчүлүгүнүн санариптик форматы камсыздалат.

Экономиканы модернизациялоо

Комплекстүү экономикалык реформалардын негизинде, төмөндөгү максаттар турат: макроэкономикалык туруктуулук, дүйнөлүк экономикага интеграциялоо, өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу жана эмгек рыногун өнүктүрүү.

Макроэкономикалык туруктуулук, экономикалык өнүгүү үчүн негизги шарттардын бири болуп эсептелет. Өкмөт Улуттук банк менен бирге, экономикалык өнүгүүгө дем берүү саясатын жүргүзүүгө ниет кылууда.

Бүгүнкү күнү, башкы көйгөй болуп, бюджеттин тартыштыгы жана тышкы карыз эсептелет. Аны чечүү үчүн, бажы жана салык төлөмдөрүнүн жыйымдуулугун камсыздоо керек. Ошону менен бирге, бизнеске күч менен басым жасоого жол берилбеши зарыл.

Ошондой эле, кезектеги керектөөгө эмес, узак мөөнөттүү өнүгүү максатына багытталган каражаттардын үлүшүн көбөйтүү үчүн, мамлекеттик чыгымдардын ички түзүмү кайрадан каралып чыгат.

Учурда, тышкы карызды реструктуризациялоо боюнча иштер жүрүп жатат. Бул иштин алкагында, Өкмөт конверсиялоо механизмин да пайдаланууну сунуш кылат. Б.а. тышкы карызды, курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларга жана өнүгүүнүн белгилүү бир программаларына алмашуу.

Конверсия механизминин негизинде жаткан башкы идея, карыз алуучу – мамлекет төлөнбөгөн зайымдарды валютада төлөө боюнча төлөмдөрдү жүргүзүүнү улантуу ордуна, экологиялык долбоорлорго жана иш-чараларга, же кредит берүүчүлөр менен макулдашылган шартта, өз өлкөсүнүн кандайдыр бир чөйрөсүн өнүктүрүү программасына улуттук валютада каражаттарды бөлөт дегенде турат.

Объективдүү жагдайлардын байланыштуу экономикалык өнүгүү үчүн мүмкүнчүлүктү, Кыргызстан тышкы рыноктордон издеши керек.

“Тышкы экономикалык эркиндик” жаңы улуттук программа товарларды, капиталды, технологияларды жана адамдарды эркин которууну алдыга жылдырат. Программанын алкагында, ар кандай интеграциялык аянттарда экономикалык кызматташуу активдештирилет. Биринчи кезекте, өлкө анын мүмкүнчүлүгүн жетиштүү түрдө колдонбогон ЕАЭБ аянтында. Мындан сырткары, Кыргызстандын бардык өнөктөштөрү менен эки тараптуу кызматташуу алкагында контакттарга жаңы импульс берилет. ДСУдагы (ВТО) мүчөлүк мүмкүнчүлүгүн пайдалануу өзүнчө багыт болуп калат.

Ички рыноктун аз потенциалын эске алуу менен, башкы багыт экспорт болуп калышы керек. Мамлекеттик жеке өнөктөштүктүн негизинде эксперттик стратегияны ишке ашыруу үчүн, Өкмөт кыргыз товарларын дүйнөлүк стандарттарды эске алуу менен, дүйнөлүк рынокторго, маркетинге алып чыгуу, техникалык регламенттер жана стандартташтыруу, тобокелдиктерди башкаруу (камсыздандыруу), жеңилдетилген кредиттөө жана экспорттук операцияларды субсидиялоо боюнча консультациялык кызматтарды көрсөтүү маселеси боюнча иш алып барат. Өкмөт белгилүү бир этапта бул максаттар үчүн Экспорт боюнча агенттикти түзүшү мүмкүн.

Жакынкы келечекте экспорт үчүн төмөндөгү артыкчылыктуу багыттар белгиленген: тигүү өнөр жайынын продукциясы, накталай, ошондой эле иштелип чыккан эт-сүт продукциясы, жашылча-жемиштер.

Мамлекет тарабынан экспортко багытталган бардык ишканаларга максималдуу түрдө колдоо көрсөтүлөт. Эл аралык стандарттарды эске алуу менен, продукциялардын сапатын жогорулатууга дем берүү үчүн, административдик, ошондой эле финансылык жактан.

Мындан сырткары, бажылык тариздөөгө карата тобокелдикти башкарууга негизделген мамиле колдонулат, бул болсо, бажыны гана эмес, чек ара жана санитардык контролдоо жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрөт.

Жакшы иштеген, өзүн көрсөткөн ишканалар үчүн, тездетилген жана жөнөкөйлөштүрүлгөн тышкы соода жол-жоболорунун тутуму ишке киргизилет.

Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, инвестицияга караганда экономика үчүн жогору натыйжалуулукка ээ. Бул үчүн, экономиканы технологиялык модернизациялоо жана кадрлардын сапатын жогорулатуу демилгеси ишке ашырылат.

Жеке керектөөсү үчүн, техникалык жабдууларды четтен алып келүүдө технологиялык модернизациялоо үчүн, салыктан бошотуу механизми иштелип чыгат. Технологиялык модернизациялоо мезгилинде токтоп турууга аргасыз болгон ишканалар, тиешелүү салыктарды төлөөдөн бошотулат.

Агрардык технологияларды жана инновацияларды, механикалаштырылган өндүрүш каражаттарын жана айыл чарба техникаларын импорттоо үчүн жагымдуу режим түзүлөт.

Эмгек рыногун өнүктүрүүгө дем берүү үчүн, эмгек акы тутуму өзгөрөт. Бардык секторлордо эмгек акы ордуна, саат боюнча иштеген, ишти баалоо тутуму жайылтылат.

Адам капиталын өнүктүрүү

Саламаттык сактоо

COVID-19 пандемиясы саламаттык сактоо чөйрөсүндө бир нече тутумдуу көйгөйлөрдү белгилеп кетти. Бүтүндөй өлкө боюнча калк сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүнү алышы үчүн, мамлекет бул багытта рыноктук механизмдерди өткүрлүк менен колдонушу керек.

Артыкчылык – баштапкы медициналык-санитардык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу. Медициналык мекемелер модернизациялоого муктаж жана кенже медициналык персонал аралыктан окуу формасын колдонуу менен, өзүнүн квалификациясын ар дайым жогорулатып туруу мүмкүнчүлүгүн алышы керек. Бул үчүн, бул секторго бизнестин абдан активдүү киришине шарттар түзүлөт. Мындан сырткары, мамлекет ар бир региондо үй-бүлөлүк медицина борборун кайрадан жабдууга үнөмдөлгөн каражаттарды багыттайт.

Статистикалык маалыматтарга негизделген, мамлекеттик  инвестициялоо үчүн дагы бир артыкчылык – бул, энеликти жана балалыкты коргоо, онкологиялык, жүрөк кан тамыр ооруларынын өлүмүн алдын алуу, жугуштуу оорулар менен күрөшүү.

Бул багытта мамлекеттик саясаттын чаралары, эрте стадияда ооруларды профилактикалоо жана дарылоо, массалык вакцинациялоо, региондордо лабораториялык –диагностикалык кызматтарды кеңейтүү. Ошондой эле, сергек жашоону, дене тарбия жана спортту популяризациялоо боюнча өзүнчө программалар иштелип чыгат.

Саламаттык сактоо тутумундагы принциптер жана каржылоо механизмдери өзгөрөт.

Өкмөт медициналык кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө бизнести тартууга, мамлекеттик — жеке өнөктөштүк мүмкүнчүлүгүн активдүү пайдаланууга жардам берет жана “акча бейтаптарга жумшалат” принциби боюнча каржылоонун анык механизмине өтөт. Ошондой эле, жарандар мамлекеттик мекемелердин кызмат көрсөтүүлөрүн гана пайдаланбастан, жеке менчигине карабастан, дарылоо мекемелерин тандай алат. Бул болсо, атаандаштыкты жана көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жогорулатат.

Билим берүү

Өлкөнүнүн билим берүү тутуму, комплекстүү реформалоого муктаж. Мугалимдердин статусун жогорулатуу жана түзүмдү жана мектепте билим берүү программаларын кайрадан карап чыгуу керек. Мектепке чейинкиден жогоркуга чейинки бардык деңгээлде билим берүү сапатын жогорулатуу үчүн, “Келечекке салым” улуттук долбоор иштелип чыгат. Анын алкагында, мамлекеттик — жеке өнөктөштүк шартында ар бир региондо, математиканы, физиканы, биологияны, химияны, маалыматтык технологияларды тереңдетип окутуу менен, таланттуу балдар үчүн окуу мекемелери ачылат.

Бардык жогорку окуу жайлары кайрадан аккредитациядан өткөрүлөт. Кесиптик-техникалык билим берүүгө өзгөчө көңүл бурулат.

Жогорку жана кесиптик-техникалык билим берүү тутуму оптималдаштырылат.

Социалдык коргоо

Социалдык коргоо чөйрөсүндө негизги милдеттер болуп, мамлекеттик колдоо тутумунун натыйжалуулугун жогорулатуу, мамлекеттик пенсиялардын өлчөмүнүн шайкештиги, пенсияларды жогорулатуу, мамлекеттен берилген жардамдын даректүүүлүгү эсептелет.

Муктаж болгон жарандарды натыйжалуу реабилитациялоо жана эмгекке жарамдуулугун функционалдык жоготуусун баалоого өтүү менен, медициналык-социалдык экспертизага реформа жүргүзүлөт.

Пенсиялык камсыздандыруу тутуму дагы реформалоого муктаж.

Алардын институционалдык вариативдүүлүгүн камсыздоо максатында, социалдык кызмат көрсөтүү принциптери кайрадан каралат. Мамлекет фискалдык, административдик жана финансылык чаралар менен, өзгөчө категориядагы жарандарга социалдык жардам көрсөтүү боюнча бизнес демилгелерин колдойт. Мындай долбоорлор салыктан бошотулат.

Жумушсуздардын өсүүсүн алдын алуу максатында, “Ар бир адамга жумуш” улуттук долбоорун демилгелейт. Бул долбоордун алкагында, ишкерчиликтин регионалдык тармактары түзүлөт, ал жерде, каалоочулар акысыз окушат, кайрадан даярдоодон өтүшөт жана өзүнүн долбоору үчүн микро каржылоону алышат. Ошондой эле, муниципалитеттердин деңгээлинде коомдук иштин потенциалы ишке ашырылат. Мындан сырткары, мамлекет убактылуу эмгек келишимдери жана мындай долбоорлорго жумушсуздарды тартуу эсебинен, эмгек рыногуна дем берет. Ошондой эле, “Ар бир адамга жумуш” улуттук долбоорунун тилкеси боюнча, ички гана эмес, тышкы эмгек рыногунда иштегендерди эмгекке орноштуруу боюнча жеке агенттиктердин рыногуна дем берет.

Өнүгүү үчүн тобокелдиктер жана аларды минималдаштыруу жолу

Кыргызстанга туруктуу өнүгүү үчүн, өлкөнүн географиялык абалы менен байланышкан төрт түрдөгү объективдүү тобокелдиктерди жеңип чыгышы керек, алар: транспорттук-логистикалык чектөөлөр, углеводороддук ресурстарга көз карандылык, финансылык ресурстардын жетишпестиги жана технологиялардын жетишсиздиги. Ошондуктан, Өкмөт төрт багыт боюнча улуттук долбоорлорду жайылтат.

  • Бардык деңгээлдеги эл аралык экономикалык процесстерге максималдуу интеграциялоо стратегиясы:

Артыкчылык болуп, ЕАЭБ тилкеси боюнча андан ары интеграциялоо эсептелет. Мындан сырткары, жакынкы арада өнүгүүнүн дүйнөлүк процессинде борбор болуп кала турган Кытай менен Кыргызстандын коңшулугун эске алуу керек. КЭР тарабынан “Бир алкак. Бир жол” глобалдуу демилге ишке киргизилген, ал келечек катары биз тараптан колдонулушу керек. Кыргызстан ЕАЭБ менен “Бир алкак. Бир жол” эки глобалдуу демилгени бириктирген түйүн болушу керек. Өкмөт бул үчүн, ““Кыргызстан ЕАЭБ интеграциясынын жана “Бир алкак. Бир жол” долбоорунун дарбазасы”” демилгесин алдыга жылдырат.

Жакынкы жылдарда Кытай – Кыргызстан-Өзбекстан темир жол курулушу башталат. Өкмөт Кыргызстан жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуунун эл аралык багыттарынын тутумунда болушу үчүн, авиациялык ташуулар чөйрөсүндө максималдуу либерализациялоо саясатын алдыга жылдырат.

Келечекте Кыргызстанды Борбордук Азия, Азия, Европа жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүн бириктирүүчү, маалыматтык технологиялык регионалдык хабга айландыруу боюнча долбоор даярдалат.

  • Жаңы энергетикалык стратегия:

Республиканын энергетикалык сектору, олуттуу реформалоого муктаж. Көз карандысыз жылдары ичинде бир дагы энергетикалык долбоор өзүн актаган жок. Энергетика тармагында бир дагы инвестициялык долбоор ийгиликтүү болгон жок. Тармактын карызы 100 миллиард сомдон ашык каражатты түзгөн. Айрым участкалардан сырткары, инфра түзүмдөр эскини ишке киргизүү учурунан бери жаңыртылган эмес. ГЭС жабдууларынын жалпы эскирүүсү 80%ды, ал эми негизги фонддордун эскирүүсү 60%га жакынды түзгөн. Эл аралык градация боюнча критикалык болуп, 30% өлчөмүндө негизги фонддордун эскирүү деңгээли эсептелет. Мындай абал ар кандай себептерден улам болгон. Алардын ичинен, “жоготуу” жана коррупция, натыйжасыз башкаруу жана менеджмент, стандарттарды жана электр энергиясын керектөө түзүмүн, анын ичинен, калктын санынын өсүүсүнөн улам өзгөртүү бөлүнүп чыгат.

Бирок, гидро энергетикага жана альтернативдүү энергетикага өтүү менен, экономиканы технологиялык модернизациялоо, Кыргызстандын энергиянын углеводороддук булагына көз каранды болуу деңгээлин азайтууга мүмкүнчүлүк берет.

Ошондуктан, Кыргызстандын Өкмөтү “Өлкөнүн энергетикасы – кайрадан жүктөө” улуттук программасын демилгелейт жана өлкөнүн энергетикалык тармагын беш жылдык өнүктүрүүнү жарыялайт

Мындан сырткары, тутумдун ичинде коррупцияга каршы катуу жана тартиптик чаралар, башкаруу курамын жаңыртуу, “Өлкөнүн энергетикасы – кайрадан жүктөө” улуттук программасы, “Кичи жана орто гидроэнергетика” долбоорун, инвестициялык жана тарифтик катаал шарттарда бөлүштүрүүчү компаниялардан бирөөнү убактылуу башкаруу менен, ак ниет операторго берүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырууну болжолдойт.

Мындан сырткары, энергетиканы жеке инвесторлор үчүн жагымдуу, рентабелдүү бизнеске айландыруу үчүн, чаралардын бири болуп, калктын аярлуу катмарына бир эле убакта жардам көрсөтүү менен, же электр энергиясына болгон тарифтерди кайрадан карап чыгуу эсептелет.

Инвесторлорду, анын ичинен, Кыргызстан толук энергетикалык көз карандылыкка ээ болушуна мүмкүнчүлүк берген, масштабдуу гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн, ички инвесторлорду издөө болжолдонууда. Бул үчүн Нарын, Көкөмерен жана Сарыжаз дарыяларына ГЭСтерди куруу керек.

  • Өлкөнүн жаңы финансылык стратегиясы:

Жаңы стратегиянын башкы принциптери – бул, рационалдуулук жана максатка ылайыктуулук, ошондой эле башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу. Жаңы стратегия “Кыргызстан – бизнес үчүн регионалдык оазис” улуттук программанын негизине салынган, анын алкагында, өлкөдө жагымдуу инвестициялык климат түзүлөт. Орто мөөнөттүү келечекте инвестициялардын көлөмүн 15% ИДПга чейин жеткирүү пландалууда.

Программаны ишке ашыруу үчүн, инвестицияны, капиталды эркин жайгаштырууну коргоого, чарбалык талаштарды күч менен чечүүгө тыюу салууга, каттоо жана лицензиялоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө багыт алган мыйзам долбоорлорунун пакети демилгеленет.

Ошондой эле, инвестицияларды тартуу жана жылдыруу боюнча бардык жоболорду айкалыштырган, Кыргыз Республикасынын Инвестициялык Кодекси иштелип чыгат.

Улуттук долбоордогу масштабдуу инвестициялар, “Стратегиялык инвестор” режиминде өздөштүрүлөт жана кошумча коргоо чаралары менен камсыздалат.

Улуттук долбоорлор алдында мамлекет тарабынан баалуу кагаздар чыгарылат.

  • Өлкөнү технологиялык модернизациялоо стратегиясы:

“Технологиялык революция” программасы демилгеленет. Кыргызстан сырттан технологияларды жана инновацияларды тартуу үчүн толук ачык болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости