www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вакцинадан баш тарткандар өзүнүн эле ден-соолугун тобокелге салып тим болбостон, "жаңы штаммдарды жараткан фабрика" катары кызмат кылууда. Мындай пикирин Вандербильт университетинин (АКШ) Медициналык борборунун профессору Уильям Шаффнер билдиргенин РИА Новости кабарлады.

Аталган медборбордун жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы, доктор Шаффнердин айтымында, учурда адамдын организми коронавирустун жаңы варианттарын тараткан бирден-бир жол болуп жатат.

"Вакцина албагандар канчалык көп болсо, вирустун өөрчүп, көбөйүшүнө ошончолук арбын мүмкүнчүлүктөр жаралууда. Андан ары жүрүп отуруп жаңы, коркунучтуу мутацияга өтүп кетип жатат", — деп түшүндүргөн адис.

Анын айтымында, бир катар өзгөрүүлөр вируска эч кандай таасир бербейт же такыр эле алсыратып салат. Бирок капыстан болгон мутация көп кишини ооруга чалдыктыруу жөндөмүнө ээ.

"Эгерде мутация ошончолук "ийгиликтүү" болуп кетсе, вирустун жаңы вариантын жаратат. Бирок ал үчүн "иштетип" кете турган нерсе керек, мындай учурду эмделбеген адам пайда кылып берет", — деген бүтүм чыгарган профессор.

Учурда коронавирустун улам жаңы пайда болгон штаммдары адам баласына кооптуулук жаратып, өмүрлөрдү алып кетүүдө. Окумуштуулар алардын ичинен азыр "дельтаны" өзгөчө белгилеп, көрсөтүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости