www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Филиппинде учак кырсыгынан каза болгондор 45ке жетти

Акыркы маалыматтар боюнча Филиппиндин түштүгүндө аскердик учак кыйраганда каза тапкан адамдардын саны 45ке жетти. Расмий бийлик алардын үчөө учак кулаган жерде жүргөн жай тургундар экенин ырастады.

Маалыматка ылайык, бортунда 96 жоокерди салып бара жаткан "Локхид C-130 Геркулес" аскердик учагы 4-июлда баш калаа Маниладан миң чакырым алыстыктагы Холо аралында кыйрап түшкөн. Учак аэропорттогу тилкеге коно албай, кайра көтөрүлүп бара жатканда кулаганы кабарланууда.

Аскердик учак Холо аралынан дээрлик 600 чакырым алыстыктагы Лагуиндинган аймагынан учуп чыккан. Борттогу жоокерлердин көбү жакында эле аскердик машыгуусун аяктап, Филиппиндин түштүк райондорундагы исламчыл согушкерлерге каршы күрөшүү үчүн жөнөтүлгөн. Аймактагы армиянын өкүлү, генерал Корлето Винлуан аскердик учак кандайдыр бир чабуулга кабылышы мүмкүндүгүн четке какты.

Кырсыктан аман-эсен куткарылган ондогон аскер ооруканага жаткырылды. “Би-Би-Си” кабарлагандай, борттогу айрым жоокерлер учак жерге жакын калганда секирип кетүүгө аракет кылышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости