www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жапаров Сурабалдиевага тиешелүү Сокулуктагы мал базарды жаап, өзүнүн базарына көчүргөнбү?..
Кабмин төрагасы Акылбек Жапаров Сокулук районун борборунда жайгашкан Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиевага тиешелүү мал базарды жол жүргөндөргө тоскоолдук жаратып жатат деген шылтоо менен борбордук көчөсүнөн четке түндүк тарабына күчтөп көчүргөн.
Ошентип, Сурабалдиева жума сайын түшүп турчу 200 миң сомдон кур жалак калган. Бир чети ырас болду баткакка батып, шарты жок мал базардын барынан жогу жакшы.
Суравалдиева эчкидей секирип, эликтей ойногондугунун себеби бар тура, жумасына базарга 3-5 миң кой, 1000-1500 бодо мал кирген, койго 30 сомдон, бодо малга 60 сомдон алган. 400-500дөй машина кирип, чон-кичинесине карата ар бири 50-100 сомдон төлөшкөн. Ашканалар иштеп, эми бул жан кыйналбай табылган акчалар жаңы базардын ээсине түшүп жатат дешет алып-сатарлар.
Соодагерлердин арасында жаңы базар Акылбек Жапаровго тиешелүү деген сөздөр арбын айтылууда.
Айтмакчы, мал базары жабылып, жума сайын өзү агып кирип турган кирешеден кол жууган Эльвира Сурабалдиева машиналардын тетиктерин саткан "Кудайберген" базарына дагы ээлик кылат.
Баса, дал ушул базарга байланыштуу Сурабалдиева 70 миллион сом салык төлөгөн.
Аянтта атадан башка шапалак жеген Суравалдиева салык төлөбөгөндө асмандан түштү беле?
Булак: NazarNews.kg