www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Хатайдагы жер титирөөдөн кийин тереңдиги 30 метр, туурасы 200 метрдей болгон гигант жарака пайда болгон. Видеону IHA Haber басылмасы жарыялады.
Видеодон зайтун талаасы (оливковое поле) экиге бөлүнүп калганын көрүүгө болот. Жергиликтүү тургундар жер титирөө учурунда катуу жарылуунун үнүн укканын айтышты.
Соңку маалыматтарга караганда, Түркияда катуу жер титирөөдөн 20 миңден ашык адам мерт болду, Сирияда 3,5 миңден көп кишинин сөөгү табылды.
Бириккен Улуттар Уюму апааттын толук кесепети азырынча анык боло электигин эскертти. Куткаруучулар урандыларды тазалап жатат, бирок аман калгандарды табуу үмүтү дээрлик калган жок.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогон жер титирөөнү “кылымдын кырсыгы” деп атады. Өлкөдө жабыркагандарга жардам берүүгө байланыштуу наразылык айтылып жатат.
Түркия менен Сирия чектешкен аймакта 6-февралда жер эки жолу катуу силкинип, күчү 7,5-7,8 баллга жеткен. Андан бери бери 1,5 миңден ашык жер титирөө катталды.
Булак: NazarNews.kg