www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Суу кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду. Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2025-жылдын 30-апрелинде кабыл алынган жана расмий жарыялангандан кийин алты айдан кийин күчүнө кирет.
Аталган Кодексте төмөнкүлөр каралган:
- суу ресурстарын жөнгө салуу чөйрөсүндө колдонуп аткан терминдердин түшүндүрүүчү аппараты тактоо жана толуктоо;
Кыргыз Республикасынын «Суу жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын суу объектилерин, суу ресурстарын жана суу чарба объекттерин мамлекеттер аралык пайдалануу жөнүндө» мыйзамдарынын ченемдерин киргизүү менен күчүн жоготту деп таануу;
жер үстүндөгү жана жер астындагы суу ресурстарын коргоону жана пайдаланууну жөнгө салуу чөйрөсүндөгү жетекчиликти жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды аныктоо ошондой эле алардын функцияларынын кайталанышына жол бербөө максатында бөлүштүрүү;
- мамлекеттик суу администрациясынын ишин жөнгө салуучу ченемдер алып салуу; -суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен суу чарбасы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ортосунда функцияларды бөлүштүрүү;
- суу ресурстарын пайдаланууну башкарууда бассейндик ыкманы колдонуу зарылдыгын аныктаган ченемдер сактоо;
- жер үстүндөгү жана жер астындагы суу ресурстары пайдаланууга уруксат берүү тутумун ишке ашырууну жана иштетүүнү жөнгө салуучу ченемдер ж.б.