www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Россияда чет өлкөлүк жарандардын уюлдук байланышынын өчүрүлүшү тууралуу маалымат жарыялады.

Министрлик билдиргендей, 2024-жылдын 8-августунда кабыл алынган «Байланыш жөнүндө» федералдык мыйзамга жана башка мыйзам актыларына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, 2025-жылдын 1-январынан тарта чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар SIM-карталарды оператордун кеңсесине барып гана сатып ала алышат. Бул учурда алар банк бөлүмдөрүндө биометриялык идентификациядан өтүшү керек (беттин сүрөтү жана үн жазуу).

Ал эми буга чейин SIM-картага ээ болгон жарандар байланыш өчүп калбашы үчүн өздүгүн тастыктап, төмөнкү документтерди мобилдик байланыш салонуна тапшырышы зарыл: СНИЛС (Россиянын Социалдык фондунун бөлүмдөрүндө берилүүчү жеке эсеп номери), IMEI-код, «Госуслуги» порталынын маалыматы жана биометриялык маалыматтар.

Последние новости