www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин жүрүшүндө Instagram социалдык тармагында «asanov_live» деген аталыштагы аккаунт аныкталган.
Аталган баракчага өлкөнүн жогорку жетекчилигинин дарегине агрессивдүү жана басмырлаган түрдө, этикалык нормаларды одоно бузуу менен сүйлөгөн белгисиз жарандын видеосу жайгаштырылган. Бул видеоматериал мыйзамдарга ылайык укук бузуунун белгилери бар экендиги боюнча каралууда.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында, видеодогу 1985-жылы туулган жаран кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Мындан тышкары, жаран Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча Ленин РИИБи тарабынан издөөгө алынып жаткандыгы аныкталган.