www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ар кандай кызматтары менен 989,5 миң адам камтылды. Бул өлкө калкынын болжол менен 14 пайызын түзөт.
Бул тууралуу министрликтин коллегиясында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары К.С. Досматов билдирди.
Маалыматка ылайык, отчеттук мезгилде 410,6 миң адамга жөлөкпулдар жана компенсациялар түрүндө социалдык төлөмдөр берилген.
Ошондой эле 112,2 миң жаранды иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү, эмгек жана эмгек мамилелери жаатындагы кызматтар менен камтуу камсыздалган.
Мындан тышкары, майыптыгы бар адамдарды, улгайган жарандарды, оор турмуштук кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү жана балдарды кошкондо 361,7 миңге жакын адамга социалдык кызматтар көрсөтүлгөн.
Алардын арасында майыптыгы бар адамдарды кресло-коляскалар жана протездик-ортопедиялык буюмдар менен камсыздоо, реабилитациялоо, санатордук-курорттук жолдомолорду берүү, үй шартында кам көрүү жана башка жардамдар бар.
Миграция чөйрөсүндө 105 миңге жакын адам тиешелүү кызматтар менен камтылган.
Досматовдун айтымында, мамлекет тарабынан кепилденген социалдык милдеттенмелер толук көлөмдө аткарылууда.