www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын мурунку башкы прокурору Рашид Кадыровдун  үйү аукционго коюлюп, анын алгачкы баасы 10 миллиард 7 миллион 940 миң сумду (1 млн доллардан ашуун) түздү.  Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Аукционго коюлган үй Ташкенттин Мирзо-Улугбек деген районунда орун алган. Ал мурунку башкы прокурордун жубайынын наамына катталган.

Эске салсак, Рашид Кадыров Өзбекстандын Башкы прокуратурасын 15 жылдай жетектеген. Ал 2018-жылдын февраль айында пара талап кылуу, пара алуу жана кызматынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча айыпталган. Тергөөдө анын ишкерлерден пара катары болжол менен жарым миллиард доллар акча алгандыгы аныкталган.

 Рашид Кадыров жайында коррупцияга байланыштуу кылмыш жасаганы үчүн 10 жылга эркинен ажыратылып, 12 миң доллар айып пул төлөөгө милдеттендирилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости