www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда инфляция КМШ ичинде эң жогорку көрсөткүчтү түздү. Азык-түлүккө болгон баа арты эки, алды үч эсе көтөрүлдү. Деги эле Кыргызстанга эмне кирсе баарынын баасы асманга чыкты.
Башкача айтканда, бензин, курулуш материалдары, турмуш тиричилик буюмдары, электроника техникалары айтор тыштан эмне кирсе баары кымбат. Болгондо да өз наркынан 2-3 эсе жогору.
Өкүнүчтүүсү биз эгемендүү өлкө катары эркиндикти камсыз кылчу коопсуздукту коргой албай турган шал абалга келдик. Аскерий, экономикалык, энергетикалык, маданий, азык-түлүк коопсуздугу оор абалда.
Ал түгүл улуттук иденттүүлүктү сактай албай жатабыз. Маданий, нарк-насил, салт-санаа, тил жаатында коопсуздугубуз коркунучта. Улуттук көрөңгөбүз болгон рухий дөөлөттөрүбүздү, баалуулуктарыбызды, тамыр-өзөгүбүздү талкалап жаткан сырттан кирген батыштын, арабдын, орустун жана башка көптөгөн терс көрүнүштөрдүн таасиринен коргонууга чамабыз жетпей баратат. Эми бул жүрөк өйүткөн өзүнчө чоң тема...
Азыркы сөз кыла турган жагдай, азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу мамлекеттин жүргүзүп жаткан саясатынын чабалдыгы тууралуу болмокчу.
Негизи азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылыш үчүн 9 азыктын түрүн өлкө өзү өндүрүүрүгө тийиш. Алсак, ун (дан азыгы), суу май (өсүмдүк майлары) эт (малдын, тоок, индюк эти), жумуртка, кант-кумшекер, туз, картошка, сүт азыктары, жашылча, мөмө-жемиш азыктарын мамлекет өзү өндүрүп камсыздашы зарыл. Ошондо гана азык-түлүк коопсуздугуна жете алабыз.
Тилекке каршы, агрардык өлкө болгонубуз менен биз элибизди болгону картошка менен гана толук камсыздап, экспортко чыгарууга мүмкүнчүлүгүбүз жетет. Ошондой эле сүт азыктары менен өзүбүздү бирде камсыздап, бирде норманы толтура албай, керек болсо экспорттого жетишерлик потенциалыбыз бар туруп аксап жатабыз.
Калган 7 азыктын түрү сырттан кирет. Жада калса малдын саны өскөнү менен элибизди сапаттуу эт менен өлкөнү 100% камсыздай албайбыз. Болгону 70%ге араң чыгып жатабыз. Негизи эт менен деле өзүбүздүн элди толук кандуу камсыз кылууга мүмкүнчүлүгүбүз бар туруп, ушул ишти жолго коё албай келебиз.
Бүгүнкү күндө эт Кытайдан, Белоруссиядан кирип жатат. Ал түгүл буйволдун эти Индиядан кирген учур болгон. Жумуртка Кытайдан келет. Тоок эти Канада, Америкадан кирет. Кант, кумшекер, суу май Украина, Россиядан ташылат. Ун, дан азыктары Казакстан, Россиядан, жашылча-жемиш Тажикстан, Өзбекстандан кирип, Кыргызстандын базарын ээлеп алышкан.
Деги эле эт, сүт азыктары, суу май, жашылча-жемиш, кант менен өзүбүздү камсыздап, ал түгүл сыртка экспортко чыгарууга мүмкүнчүлүктөрүбүз жетиштүү. Болгону агрардык саясатты заман талабына ылайык туура нукка салышыбыз абзел. Айыл чарбасына олуттуу маани берип, ургалдуу реформа керек. Антпесек, жакынкы жылдары азык-түлүк, тамак-аш коопсуздугун жолго коюшубуз кыйын.
Статистика менен алактенген Айыл чарба министрлиги түп орду менен реформага муктаж. Агрардык өлкө катары экономиканын ички дүң өндүрүмүнүн дээрлик 60-70% камсыздай турган айыл чарба тармагы, бүгүнкү күндө араң 22-24%ге араң жетүүдө. Ушунун баары Айыл чарба министрлигин минип алган Жаныбек Аскаров сыяктуу шалтурук, өз кызыкчылыгын, өз бизнесин ойлогон аткаминерлердин кесепетинен улам болууда.
Мына айыл чарбасына бөлүнгөн 22 млрд. сомдун дайны билинбейт. Кайда сарпталды, кайсы багытты көтөрүүгө жумшалды эч кимге белгисиз. Дыйкандарга, мал чарбасына бөлүнгөн каражаттардын азы гана чыныгы муктаждарга жетпесе, көбү чоңдорубуздун фирмаларына бөлүнүп кетет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева парламентте фактылар менен айтып чыкканы ачык мисал болот.
Натыйжада, айыл чарабасын көтөрүү, дыйкандарга шарт түзүү, алардын өндүрүгөн продукциясын экспортко чыгарууга көмөкчү болуу, ветеринардык, фито-санитардык лаборотияларды жолго коюп, тиешелүү документтер менен мамлекет өзү камсыздоо сыяктуу жоопкерчиликти Айыл чарба министрлиги өз мойнуна алыш керек эле.
Тилекке каршы, андай иштер жүрбөй дыйкандардын эмгеги акталбай күйүп кетишип, бул жылы өндүрүгөн продукциясын кийинки жылы өндүрбөй таштап коюшкандыктан, тамак-аш коопсуздугун камсыздоочу 9 азык-түлүктү өндүрүмүнүн көлөмүн көзөмөлдөө кыйын болуп, дисбаланс түзүлүп, Айыл чарба министрлиги быйыл баланча тоннадан түккүнчө айыл чарба продукциясы өндүрүлдү деп жел сандардан курулай статистиканы токуп коюп отурушат. Реалдуу иш жок.
Мына Кыргызстанда 1-январдан тарта ун, нан жана жемдин баасы кымбаттай турганын Ун комбинаттары ассоциациясынан билдиришти.
Тегирменчилер бааны көтөрүүгө аргасыз болорун айтышууда. Себеби 31-декабрда ун комбинаттары үчүн данды алып келүү жана кайра иштетүү боюнча жеңилдиктердин мөөнөтү аяктайт. Мамлекеттик колдоо 2021-жылдын сентябрынан ушул жылдын аягына чейин күчүндө болот.
«Бүгүнкү күндө ун комбинаттарындагы дандын жана ундун запасы азайып, алар оор абалда. 1-январдан тарта дандын өздүк наркы 12 пайызга, ун 15 пайызга кымбаттайт. Бул керектөөчүлөр сатып алууда төлөй турган кошумча нарк салыгынын суммасы. Албетте, ундун кымбатташы нандын баасына да таасирин тийгизет, ал 18-20 пайызга көтөрүлүшү мүмкүн», — деди ун тартуучулар ассоциациясынын президенти Рустам Жунушов.
Анын айтымында, таңсыктыкка Казакстан аркылуу эгин ташуудагы көйгөйлөр жана Россияда дан ташыгычтардын жоктугу себеп болууда.
Кечээ Айыл чарба министрлигинин башчысы Аскарбек Жаныбеков Кыргызстанда азык-түлүк жетиштүү экенин, негизги азык-түлүк менен камсыз кылууда маселе жаралбайт деп ишендирген эле.
Биздеги азык-түлүк коопсуздугуна болгон мамиле мына ушундай. Жаңыча ой жүгүрткөндөр, агрардык тармакка жаңыча мамиле жасаган көз караштагы билимдүү кадр келмейин, абал өзгөрбөйт.
Мына канча жылдан бери Абдулла Ташиев кайраккы жерлерди трансформация кылып, мөмө жемиш бак отургузуу идеясын сунуштап келет. Ушундай жаңыча мамиле керек. Бул болбойт, ал болбойт деп статистика чогултуп катып отура берген доор бүттү. Заман талабына шайкеш ыкчам аракет көрбөсө айыл чарбасын оңдоо, көтөрүү мүмкүн эмес.
Булак: NazarNews.kg