www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-октябрда Коомдук телерадиокорпорациясынын «Биринчи радиосуна» кезектеги маегин берди. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

— Коронавирус илдети жашообузга көп өзгөртүүлөрдү киргизип, башка өлкөлөр сыяктуу эле биз дагы ушул илдеттин шартында иштегенди, окуганды, жашаганды үйрөнө баштадык. Буга чейин 1-класстын окуучулары окуп жатса, эми 2–ден 6-класска чейинки балдарыбыз мектепке бара турган болду. Илдеттин 2–толкуну болушу мүмкүн деп, даярдыктар көрүлүүдө.  Коронавирус илдетинин өкүм сүрүүсү уланууда, тилекке каршы. Ушул шартта угармандарыбызга айтчу сөздөрүңүз бар деп ойлойм.

— Биз коронавирус илдети башталганда, биринчилерден болуп көңүл бурганбыз, январь айында Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, ошондон бери аракет кылып, кийин коронавирус илдети күчөй баштаганда, биз өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал режимин киргиздик. Карантинде биз 2 ай болдук. Айрыкча, биздей мамлекетке бул абдан оор болду. Эмне үчүн дегенде Кытай жабылды. Тажикстан, Өзбекстан дагы жабылды. Казакстан жабылып, биз жабылгандан кийин экономика алсырай баштады.

Биздин маселе — ошол мезгилде коронавирус илдетинен элди коргоп калыш, мындан кандай коргонуу, өзүн алып жүрүш, кандай сактаныш керек, ошого элди үйрөтүш болду. Врачтарды даярдап, үйрөтүп, 2 айды ошого кетирдик.

Экинчиси — бул элибизди азык-түлүк менен камсыз кылыш эң чоң маселе болду.

Мына 2 ай, кийинки 3 айда бюджеттен 28 млрд сом жоготтук. Бул бизге бюджеттин 15%нан жогору. Бул абдан чоң жоготуу болду. Бирок, андай кылбасак, болбойт эле. Ден соолук маселеси биринчи орунга чыккан.

Биз карантинди алып коё бергенден кийин айтып жаттык, ар ким өзү сактаныш керек деп. «Биринчи өзүңдү сактасаң, анан балаңды сактайсың, жакыныңды сактайсың. Ар ким өзүң жооптуу болсоң, өзүң сактансаң, анан тегерегиң сакталат» деп айтып жаттык, бирок кээ бир саясатчылар буга ишенбеди. Кээ бир саясатчылар «бул оору жок, калп эле Президент баш болуп, Өкмөт сырттан карызга акча алыш үчүн атайын жасап жатат, буга ишенбегиле, жок, жөн эле грипп» деп айтып жатышты.

Карапайым эл көбү ишенди ушуга. Ошонун жыйынтыгы келип туруп, бизге биринчи толкун абдан катуу болду.

Эң кыйналганыбыз — бул медиктердин жетишпегени. Күндүзгү стационарларды ачып, кийин элге жардам бере баштадык. Ыктыярчылар, дарыгерлер, сырттан жардам келди. Эми ошондой болбош үчүн, ошондой кайталанбаш үчүн азыр биз ооруканалардын жаңысын салып, эскисин оңдоп жатабыз. Матрезервге керектүү дары-дармекти сатып алып жатабыз.

Биздин медиктерибиз дагы кандай дарылай турганды үйрөнүп калды. Анан эми бир эле мамлекет, эл карайт дебеш керек. Ар адамдын жоопкерчилигин катуу коюш керек. Ар ким өзүнөн көрүш керек, баарыбыз сак болушубуз керек.

Эми биз мурункудай карантин киргизе албайбыз. Бирок биз экономикага дагы, ден соолукка дагы бирдей көңүл бурушубуз керек. Ал үчүн мен баш болуп, жөнөкөй жаранга чейин эрежени сакташ керек.

Биздин дарыгерлер айтып жатат, эрежени сакташ керектигин. Ошол эрежени сактаса эле бул ооруну жеңебиз. Муну бардыгыбыз тең бирдей күрөшүп, бирдей аракет кылсак, муну жеңебиз.

Анан бирөө той өткөрүп жатса, беш жүз кишини чакырып алып, билип туруп, түшүнүп туруп, өткөрүп жатса, бирөө элди топтоп алып жылдыктарды кылып, каза болгондорго куран окутуп жатса. Кыл, бирок эрежени сактап кыл деп айтып жатабыз.

Шайлоо деп, 400дөн — 500-1000ге чейин топтоп, партиялар үгүт ишин өткөрүптүр. Эми аларга чара көрсөң айтат да, «мына бийлик бизге кысым кылып, бут тосуп жатат» деп кыйкырып чыгышат. Жөндөн-жөн эле добуш алуу үчүн «бийлик мени кысып жатат, бийлик мени иштетпей жатат, бийлик биздин добушту алып кетип жатат» деген эле болбогон сөздөрдү айтып жатышты. Мына карасаңыз, дебаттарды, ошол 20 жылдап иштегендер бийликти шыбап жатышат. Өздөрү жүрүп, эч нерсе жасай албагандар. А берки жаңы келген балдар айтса мейли эми, бул жаңы келатат, чын жүрөктөн иштейм деп, макулбуз ага.

Анан эми Европада көбөйүп жатат, баарын көрсөтүп жатат, каерде эмне болуп жатканын ачык-айкын. Ошону көрүп туруп, биз сак болушубуз керек. Эрежени бузгандарга катуу чараларды колдонуш керек. Мен Өкмөт башчыга да айттым, бардык органдарга айтып жатам, буйруса муну колго алабыз.

Мына эми жакында мектептер иштейт, мектеп иштегенден кийин бул жерде мугалимдин гана эмес, ата-эненин дагы жоопкерчилиги болушу керек.

Эми ата катары, жаран катары түшүнүп турам. Ата-эне, мугалимдер ушул башталгыч класстардын окуучуларын окутууда көбүрөөк түйшүк тартып атышат, кыйналып атышат. Биз ошондуктан дагы 6-класска чейин балдарыбызды мектепке барсын деген өкмөттүн чечимин, сунушун колдоп бердик, туура болот деп.

Бирок, менин кооптонгонум — илдет коркунучу толук жок боло элек. Баткенде көбөйдү, кээ бир райондордо көбөйүп жатат. Ошон үчүн бул коркунуч бар. Ошондуктан балдарыбыз үчүн жоопкерчиликти бардыгыбыз тең, ата-энелер дагы, мугалимдер дагы ала турган жооптуу учур келди.

Бардыгы жоопкерчиликти алыш керек. Бардык эреже, нормаларды сактоо менен, балдарыбызга кам көрүүнү мурдагыдан дагы күчөтүүгө чакырам. Балдарыбыз бала да. Бала кээде унутуп коёт, ойнойт. Биздей жоопкерчиликтүү мамиле кыла албайт. Ошон үчүн балдарыбызга дагы эрежени үйрөтүшүбүз керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости