www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровду премьер-министрликке бекитүү боюнча токтомду артка кайтармай болду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда президент Садыр Жапаров менен жолугуп, аны бул боюнча кабардар кылган.

“Стабилдүүлүктү сактап, бекемдеш үчүн өлкөдөгү биздин бардык чечимдер легитимдүү болуп, шек жаратпашы керек”, — деди президент.

Жээнбеков бул маселени бардык талаптарды эске алуу менен кайра кароону суранып, парламентке кайрылууну пландап жатат.

Буга чейин Жогорку Кеңештин Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка бекитүү боюнча токтому президенттин аппаратына жеткени айтылган. 

Мыйзам боюнча президент үч күндүн ичинде өкмөттүн курамын бекитпесе, алар дайындалган болуп эсептелип, ишин уланта бермек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости