www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сузак району - парламенттик шайлоого бир мандаттуу аймактан көп адам талапкерлигин коюп, алдыга суурулуп чыкты. Жусупжан Жээнбеков төртүнчү чакырылыштагы депутат. «Сексалю» депутат Тазабек Икрамов сабатсыздыгынан улам алтынчы парламентти «чимкирик» парламент деген атка алып келгендердин бири.

Бул эки эрендин ортосунда депутаттык мандат талашуудан кер-мур айтышуулар болгон. Ага эмне себеп болду? Кыргыз элинин маңдайына бүткөн чолпон жылдыздай Сатыбалды Жээнбеков деген бар эле. Акаевдин доорунда ууланып, күтүлбөгөн жерден а дүйнөгө сапар тарткан.

Дал ошол ууланар алдында аны менен кошо «Көтани» менен Бакетаев болгонуна тарых күбө. Арийне, бул ишти Акаевдик бийлик жаап койгон. Анын иниси Жусупжан Жээнбеков Акаевге каршы аттанып, Жалал-Абад шаарында элдик губернатор болгон. 2005-жылы Жалал-Абад менен Таластын губернатору, 2010-жылы Убактылуу өкмөт ишенген Жалал-Абаддын губернатору.

Арийне, 2010-жылы июндагы Ош жаңжалында Жалал-Абаддын коменданты Кубатбек Байболов менен дайынсыз жок болуп, жерге житип кеткен.

Депутат кезинде Жусупжан Жээнбеков уулунан ажыраган. Бахтияр Жээнбеков Орусиянын Москва шаарында ири ишкерлик менен алектенген. Бахтияр Жусупжановичтин өлүмүнө күмөн жараткан алтынчы чакырылыштагы ЖК депутаты Тазабек Икрамов деген сөз эл арасына тараган.

Ал дене тарбия боюнча мугалим болуп эки жыл иштегени менен, «чимкирик депутаттыгына» таянып, Билим министрлигинен «Эл агартуу отличнигин», же азыркыча «Мыкты мугалим» наамына татыган. Бирок анын билим деңгээли «Акела» менен «Атилланын» айырмасын билбеген нөлөбөй класстын сөлдүрөгөн окуучусу менен барабар. Сабаты нөлдү карап турганына карабай «Мыкты мугалим» наамын агай-эжейлерден тартып алган. Бирок сахнага чыгып, ыр «чо-озуп» жиберет. Балким «мыкты артист» деген наам алса жарашмак.

Бахтияр Жээнбековду өлтүргөндөр кармалып, оор жазага тартылганы менен, «заказчик» кармалбай калган. Ишенимдүү булактарга таянсак, Тазабеков менен Жээнбековдун ортосундагы кер-мур айтыш бүгүн эле башталбаса керек.

Тазабек Икрамов: «Сузактан мен чыгып атсам, сиз кыйналып каласыз го?» - деп атаандашы Жусупжан Жээнбековго бир тийиптир.  Анда Жусупжан Жээнбеков: «Эй, Тазабек, көрөбүз ким кыйналып калаарын...» - деген таризде кекенип, каршылык көрсөтүүгө бел байлаптыр.

Ата-баладай эки саясатчы тирешип, бир-бирин эңип түшүүгө ашыгып калганда, башка катталар алдыга суурулуп чыгышы мүмкүн. Сузак УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин кичи мекени. Андан тышкары, Сузак районундагы шайлоонун атмосферасына өзбектер эбегейсиз таасир этээрин, алардын добушу чечүүчү ынгай жаратышы мүмкүн. Тазабек Икрамов менен  Жусупжан Жээнбеков кичинекей кыргыз айылдары жайгашкан аймактарда «аласаларын» талашып, «эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт» болуп турат.

Жер тыңшар Мамыттын сөзүн жазган:  Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости