www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Элдин ырыскысын жеп жаткан кимдер?

Легендарлуу парламенттин депутаты, агрардык сектордун алчы-таасын мыкты билген академик Жамин Акималиев бүгүн NazarNews маалымат агенттигине «Кумтөр» тууралуу кызыктуу оюн билдирди.

«Мурдагы президенттер, премьер-министрлер, ал тургай Жогорку Кеңештин төрагалары да «Кумттөрдүн» кулу болуп калыптыр. «Центеррага» сатылып кетиптир. Кыргызстандык чиновниктер алтын же доллар алганы үчүн элди унутуп, ошолордун кызыкчылыгын талашып жүрүптүр», - дейт академик.

Эми канча аракет жасалса да миң жылдап пайда болгон табиятыбызды эч ким калыбына келтире албайт! Бийликтегилер деле келет-кетет. Бирок түбөлүк калчу биз жашап жаткан чөйрөнүн абалы эми эмне болот? Анын чыныгы жазасын ким тартат? Канадалык компания менен (1992-жылы) эң чоң кылмыштуу келишимге барган Аскар Акаевби же дагы кимдер?

Азыр минтип кечиксек да кайтарып алдык деп «Кумтөрдү» өзүбүз иштетип атабыз. Ошентсе да Жамин-агайдын айтканынан кийин ой пайда болот экен. «Кумтөрдүн» ырыскысын чейрек кылымдан бери канчалаган акционер жалмап келе жатат.

Алар азыр да эл байлыгынын эсебинен, муңга баткан жаратылыштын көз жашынан «жашылбайларды» саап алып жатат. Ушундан улам ага катышы бар деген айрымдардын Ааламдын эң кымбат делген шаарларында ири соода маркеттерин, пентхаустарды куруп, айрымдар ал сарайларын миллиарддаган долларга кайра сатып ийип аткандарын баарыбыз эле угуп-көрүп атабыз. «Андай «небескрёбдор» кайсы акчага курулду болду экен?» деген суроо суурулуп чыккан бойдон калууда.

Кызыгы же таң калыштуусу, эми баягыдай канадалыктар жаап-жашырып атат дегендей эмес, алтын чыккан ал жер азыр өзүбүздүн колубузда. Ойдон жаралган суроо дегенибиз ушул, эмне үчүн эл ырыскысын шимирген «Кумтөрдөгү» кыргызстандык акционерлердин ысымдарын элге ачык атоого эч ким даай албай келет? Ал кылмышкерлерди мамлекеттик сырдан бетер мынчалык жашырган кандай касиет болду экен десең? Деги эле «алтын мафиясынын» күчү ушунчалык зор окшобойбу.

Адам менен табияттын байланышы боюнча дүйнө элдеринде жок «Кожожаш» деген дастаныбыз бар. Анда жалпы адамзаттын элеси Кожожаш аркылуу берилсе, табияттын элеси Сур-эчки аркылуу берилген. Ошондо кайберендин тукумун улантуучу Алабаш-текени Кожожаш атып өлтүргөндөн кийин, мергенчиден өч алыш үчүн аны алдап, адаштырып, азгырып олтуруп аны кайра түшө албас бир зоого такап салат.

Ошондо Сур-эчки: «Ар бир кылган ишиңе эч бир дабаа кылбасын, аскада туруп саргайып, арманда өлсүн бир башың», - деп каргаган экен. Сур эчкинин бул каргаганы табигаттын каргаганы.

Улуу Энгельстин: «Адамзат табиятты жеңет, бирок качандыр бир кезде ал үчүн табият адамзаттан аёосуз өчүн алат», - деп айтканы бар. Анын сыңарындай жана да жогоруда «Кожожаш» дастанында айтылгандай каргышта турган ошол акционерлердин ысымдарын эл ачык билиши керек эле го?

Алтындын кусуру да жама-аа-н...

Кенжебек Арыкбаев

Булак: NazarNews.kg

Последние новости