www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Күнүңдү жакшы өткөрсөң ошол күнү жакшы уктайсың. А өмүрүңдү пайдалуу өткөрсөң а дүйнөдө тынч уктаарсың” деп италиянын уулу Леонардо да Винчи айтат да... бирок мындай сөздөр дайыма максималдуу кыялга багышталып айтылат. Тереңинде сабак айтылган менен реалдуу турмуш дайыма алардын тебелендисинде калат. Анткени күндөрдү көгөндөй албайсың, тизгиндеп дайыма эле жакшыга бура албайсың. Өмүрдү өкүтсүз ким өткөрөт...? Мындай маани алдында менин бир гана чындыгым калат: кантип күн жаман өтсө да жакшы уктоо, өмүрдү татыксыз жашап өтүп баратып да кантип тынч укташты ойлонуу... бул күрөш бизди жашоонун сахнасында чий куурчактай ойнотуп, бирде кара бирде акты аткартып, тирилик алдында салпылдатып, Максат деген чолбурларды артынтып алып чүлүктөп келатканы келаткан...
Сөздүн да, жазуунун да аурасы болот. Сөздөр да күлөт, ыйлайт...
Тизмеге кирбей калганына бири кубанып жүрсө бири өкүнүп жүрөт...
Бири кубанычтан да сабак алат бири өкүттөн да ала албайт.
Карандай саясат бизди эл кылбайт жем кылат.
Баласын ач калтырбаш үчүн Энелер отко жакын жаралган.
Апамдын колу тиери менен кандай быкшыган от болсо да дүркүрөп күйүп кетээр эле...
Бири "Эверестке" чыгам дейт, бири бийликтин башына чыгам дейт, бири сугаттын башын бурам дейт....
“Апам сүт берсин дейт” деп туруп кошунага, кошуна эмеске, тууганыңа же тууган эмеске деле бара берээр элек. Анда кожейке: “алып кел!” деп туруп кичинекей да эмес бидон алып барсаң да шарт эттирип сүттөн куюп, “нан же” деп колуңа бир сындырып нан карматып туруп узатып коюшаар эле... Быйыл биздин айылда бир литр кымыздын баасы 100 сом экен. Заман өзгөрөбү же адам өзгөрөбү? Заманга карап адам өзгөрөт ал эми эски замандарды оңой эмес жылдар сүрүп, аргасыз жаңыртып турат.
Жыйырма экинчи июнуңду эстеп...
Сен канча ирет кудай дедиң экен? Ал канча ирет сени укту? Канча ирет сени укпай койду? Эмне үчүн? Эмне үчүн бирде укту, эмнеге бирде укпай койду? Ойлонуп көрдүңбү? Анын сабагы эмнеде экен? Сен канча ирет ага жакындадың? Канчалык жакындадың? Аягында эмнени сездиң? Анын бар экенинби же жок экенинби? Бизди карап аяйсыңбы, мунун баары текке кеткен нерсе деп? Мунун баары түк нерсеге арзыбаган нерселер деп, темтиреп кудайлап, жашап жүргөн бизди аяйсыңбы? Же ишарат кылып кол булгайсыңбы, аны жаза, жазаба деп? Баягыда, сен ооруп жыгылчуда, бар айланы кылып атып, акыры бир орусту күтүп атпадыкпы. Аны аябай кеч таап калбадымбы. Акыры “Мына эртең келмек болду...” деп сага сүйлөп берип атсам, сен бир айдан бери ойгонбогон калыбыңда көзүңдөн жаш чыгарбадыңбы. Мага ошону эле айтып койчу, белги кылып. Мен кечиктимби? Кечиктим беле? Ошондон бир өзгөрүү болот беле? Же анын айырмасы жок беле? Ошону ойлой берем десең... Же эмнеге өзүнө айттым экен депчи. Жалбырак неге шуулдайт? Мезгилдин сырын айтабы? Убакыт мынча дуулдайт, ала качып? Ал акыры карматабы? Убакыт сырын түшүндүңбү? Сен эмнени ала кеттиң өзүң менен? Дагы эмнени калтырсаң болмок экен артыңа? Мен эмнени сенден сураган жокмун? Канча ирет сен умтулсаң мен кучактап өпкөн жокмун? Сен канча күттүң мени, канча ирет сага, алдыңа барган жокмун. Барбай калдым. Көңүлүңдү ооруттумбу? Же канчалык жылыттым? Ал “эсиңден” кеткис нерсе бекен? Жүрөк жылытуу деген эмне экен? Туямбы аны? Алдыңа келсем, ай өткөрүп, жылдардан жыл өткөрүп алдыңа келсем, болгону сүрөт болуп карап турасың... Сөз сүйлөнсө угабы? Акырын кол тийгизсе сезеби? Сен сенсиңби же сен эмессиңби...?
Жеңишбек Эдигеев, Женева
Булак: NazarNews.kg