www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иран менен АКШнын ортосундагы тиреш күн сайын күч алып баратат. Учурда Иран ядролук куралдар боюнча келишимден баш тарткан жатат. Эгер Иран бул келишимден чыкса, кесепети бүт дүйнөгө тийиши мүмкүн. Себеби исламдын шиит багытындагы Ирандын колунда ядролук куралдар бар, ислам дининде согуш же тиреш убагында адам өлсө шейит болот. Иран бийлиги деле кокус өлсөк шейитке кетебиз деп ядролук куралдарын жардырууга барса дүйнө эмне болот?

Иран ядролук куралдар боюнча келишимден баш тартты

Иран 2015-жылы жетишилген ядролук куралдар боюнча келишимден баш тартканын жарыялады. Мындан ары Тегеран уранды байытуу боюнча чектөөлөргө баш ийбей, изилдөө жана ядролук курал жасоону улантат. Бирок Иранга каршы санкциялар алынып, өлкөнүн кызыкчылыктары эске алынса, Тегеран Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик менен кызматташууга даяр экенин айтууда.

АКШ президенти Трамп Тегеран Сулейманинин өлүмүнөн кийин кандайдыр бир аскердик аракеттерге барса, Вашингтон катуу жооп кайтарат деп эскертип келет. Дем алыш күндөрү эки тарап бирин-бири коркутту. 2015-жылы жетишилген келишимге ылайык, Ирандын өзөктүк иш-аракеттерине чектөөлөр киргизилип, анын ордуна Иранга каршы эл аралык санкциялар алынган. Ошондой эле, Тегеран өзүнүн ядролук куралдарына БУУнун инспекторлорун киргизүүгө макулдук берген. Бирок шектенүүлөрдөн улам эксперттердин ядролук аймактарга алдын ала макулдашуу аркылуу гана баруу шарты каралган. Келишимге АКШ, Британия, Франция, Кытай, Орусия, Германия жана Иран кол койгон.

Тегеран ядролук долбоору тынчтык максатында экенин айтып келген. Бирок өлкө өзөктүк курал жасоону көздөп турат деген шектен улам 2010-жылы БУУнун Коопсуздук кеңеши Иранга каршы санкцияларды жарыялаган. 2015-жылы кабыл алынган келишимге чейин Иранда сегиз же он ядролук бомба жасагыдай байытылган уран бар экенин АКШ кабарлаган. Америкалык адистер беш жыл мурун Иран эки же үч айдын ичинде бомба жасай алат деп айтышкан.

Бирок азыр Иран бир жылдын ичинде гана ядролук куралга жете алат деген жоромолдор бар. Ага карабастан уран байытуу тездесе, Тегеран жарым жылдын ичинде деле өзөктүк бомба жасап салышы ыктымал. Германиянын канцлери Ангела Меркель, Франциянын президенти Макрон жана Британиянын премьер-министри Жонсон Иранды келишимдин милдеттенмелерин аткарууга чакырды. "Чыңалган абалды жайгаруу жана региондогу туруктуулукту сактоо үчүн бардык тараптарды сүйлөшүүлөрдү улантууга чакырабыз",- деген билдирүү таратышты. Европа Биримдиги болсо Ирандын тышкы иштер министри Зарифти Брюссель шаарына сүйлөшүүлөргө чакырды.

Ирак АКШ аскерлерин чыгарууну чечти

Ирактын парламенти чет өлкөлүк аскерлерди чыгып кетүүгө чакырган резолюцияны кабыл алды. Бирок бул резолюциянын мыйзамдык күчү жок. Учурда Иракта 5 миңге чукул АКШ аскерлери жайгашкан. Ирак парламенти Американын базасын өз өлкөсүнөн чыгарууну чечти. Буга Трамптын Касем Сулейманини жана Ирактын куралдуу күчтөрүнүн орун басарын, мындан тышкары 10дон ашык кишилерди Багдадда өлтүрткөндүгү себеп болду. Ирак бул окуядан кийин АКШны «өлкө эгемендигине шек келтирди, эл аралык укуктарды жана нормаларды бузду» деп айыптап жатат. Вашингтон болсо Сулеймани «согуш баштоо эмес, аны токтотуу максатында» өлтүрүлгөнүн айтып актанууда. Ирак парламенти кезексиз чукул жыйын өткөрдү. Парламент “Ислам мамлекети” террордук уюмуна каршы уюшулган коалиция менен түзүлгөн келишимди токтотуу  жана Америка авиабазасын мамлекеттен чыгаруу тууралуу өкмөттүн сунушун колдоп, бир добуштан чечим кабыл алды. Парламент спикери Мухаммед ал-Халбуси АКШны «Ирактын эгемендигине жана коопсуздугуна шек келтирди» деп күнөөлөп жана буга байланыштуу өкмөттүн атынан тышкы иштер министрине Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешине кайрылууну тапшырды.

Ал кабыл алынган чечимге ылайык, Иракта мындан ары чет өлкөлүк аскерлер болбошу керек. Өкмөт мамлекеттин жерин, абасын жана суусун эми кандай гана максатта болбосун алардын пайдалануусуна тыюу салууга тийиш. Ал эми Трамп бул кадамга нааразычылыгын айтып, "Ирак Американын базасы үчүн керектүү сумманы төлөбөсө АКШ базасын ал өлкөдөн алып чыкпайт",- деп билдирди.

Иран ракеталарын согуштук аракеттерге даярдады

Ирандын аскер стратеги, "Кудс" элиталык атайын аскер бөлүгүнүн колбашчысы Касем Сулеймани АКШнын Багдаддагы аба соккуларынан улам өлтүрүлгөндөн кийин эки мамлекеттин мамилеси кескин чыңалды. Иран ракеталарын согуштук аракеттерге даярдап жатат. Бул тууралуу чет элдик булактар анонимдүү америкалык чиновниктин сөзүнө таянып жазышты.“Ирандын ракеталары тезинен согуштук аракеттерге даярдык көрдү. Бирок бул аракети коргонуу же кол салуу  үчүн даярдалганы азырынча белгисиз”,-деп айтылат маалыматта. Ирандын жетекчилиги да өз кезегинде бул абалга жооп берип, мүрт кеткен генералы үчүн “өч алууга убада берди”. Окуялар курчуп отуруп, бүгүнкү күндө АКШ да, Иран да кайым айтышуусун токтотпой, бирин-бири коркутуу менен шугулданууда. Бул арада дүйнө эли согуш башталып кетеби деген тынчсыздануу менен кырдаалга тыкыр көз салышууда.

 Америка президенти Дональд Трамп  Иран тарабынан  АКШга кол салына турган болсо,  Ирандын 52 объектисине өтө тездик менен катуу сокку урарын айтып коркутту. Трамптын айтымында АКШнын трилларддаган долларга жасалган заманбап үлгүдөгү курал-жарактары оңойго турбайт.  

Эске сала кетсек, АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын аскердик стратеги, тышкы саясатынын идеологу болгон Касем Сулейманини “дүйнөдөгү №1 террорист” деп атаган. Касем Сулейманини Трамп Американын дипломаттарына жана аскерлерине кол салууга даярданып жаткандыгын айтып, аны өлтүрткөнүн моюнуна алган. “АКШ аскерлеринин кынтыксыз соккусунан улам дүйнөдөгү №1 террористти-Касем Сулейманини жок кылды”,-деп ал теледен  билдирген.

Трамптын айтымында Сулеймани “Америка аскерлерине жана дипломаттарына кол салууну мерчемдеген”. Пентагон АКШ Иракта Иран генералын жок кылуу үчүн операция өткөргөндүгүн ырастаган. Курман болгондордун арасында Сулейманиден сырткары ондогон аскерлер жана Ирак шииттери, куралдуу күчтөрдүн командиринин орун басары Абу Махди аль-Мухандис да бар болгон. Абу Махди аль-Мухандисти АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Пампео 31-декабрда Багдаддагы Американын элчилигине кол салууда айыптаган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости