www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Бишкек шаардык санитардык полигондун курулушу боюнча долбоорду ишке ашыруудагы мыйзам бузуулар боюнча кылмыш ишинин тергөөсү жүрүп жатат.Тергөө чараларынын жыйынтыгында, Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинде («Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу») каралган кылмышты жасоого шектелип, «Бишкек санитардык полигон» муниципалдык ишканасынын мурдагы директору Болот Асаналиев кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ошондой эле, борбордун мурдагы мэри Албек Ибраимов жана долбоорду ишке ашыруу маселелерин тейлеген мэрдин мурдагы кеңешчиси жайгашкан жери аныкталбагандыгына байланыштуу, аларга карата сырттан айыбы угузулду. Бишкек шаардык прокуратурасы аталган ишке тиешеси бар адамдарды аныктоого жана жоопкерчиликке тартууга, ошондой эле келтирилген материалдык зыяндын ордун толтурууга багытталган активдүү тергөө аракеттерин улантууда.

Чүйдө эл жер бөлүштүрүп жатканда тааныш күчтүү колдор менен 147 жер тилкесине ээ болуп, өзүнүн жеке кызыкчылыгын көздөгөн Албек Ибраимов кантип качып чыгышты ойлоп жатканда капыстан бийлик тукулжурап, сүрмө топ бийликти алгандар 2020-жылдын 4- октябрында ага окшогон бир топ саясатчыларды сыртка чыгарып ийип жатпайбы. “Таппасаң сыйпалап кал” Атамбаев баш болгондор “кресло” талашып, 9-октябрда Ак үйгө келип, саясатка жулунуп жатса анын таразачысы экинчи даражадагы «Манас» орденинин кавалериСапар Исаковду ээрчитип “зыйт” койду эле, сыйпалап таппай калышты. Бишкекте мэр болуп турганда миллиондорду ашап ийген, “Манас” аэропортун майкандап, президенттик аппаратта жана “Дастанда” дардаңдаган Албек Ибраимов 15 жылга соттолгон.

Албек Ибраимовго жана жубайы Айнура Ибраимовага тиешелүү «БТА Банктагы» ченемсиз валюталары конфискацияланган. Жан шериги Айнура Ибраимова катталган Чүй аймагындагы 147 жер участогу да конфискацияланган. Албек Ибраимовго тиешелүү төмөнкү менчиктери конфискацияланган:

— «Тойота-Рав4» автомашинасы, 2014-жылы чыккан, мамлекеттик номери В2511AW;

— «Мурас» дыйкан чарбасы;

—Арашан айылындагы үч дачасы;

—«Уздар Трейд» ЖЧКсы;

— Жалпы номиналдык наркы 29 миллион 960 миң сомдук «Евразия Сактык банкы“ акционердик коомунун уставдык капиталдагы 9,98677 пайыз үлүшү, реестрди кармаган.

— Жалпы номиналдык наркы 29 миллион 960 миң сомдук «Евразия Сактык банкы“ акционердик коомунун уставдык капиталдагы 9,98677 пайыз үлүшү, реестрди кармаган.

Албек Ибраимов тарабынан «Солнечный берег» пансионатына салган 82 миллион 750 миң 556 сом Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна өткөзүлүп берилген.

Албек Ибраимов тарабынан “Дастан” улуттук корпорациясына сатып алуу “И239” жабдыгын сатып алуу үчүн коротулган 21 миллион 977 миң 283 сом Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна өткөзүлүп берилген.

«Калыс-Ордодогу» мектептин курулушу боюнча Албек Ибраимовго 94 миллион 864 миң 180 сом моюндарына коюлган. Албек Ибраимов бул иштери боюнча 15 жылга эркинен ажыратылган.

250 миң доллар параны кепек көрбөгөн Албек Ибраимовдин бул Кыргызстанда дайыны жок. “Эл оозунда элек жок” сабатсыздыгы менен атагы чыккан Албек Ибраимов Кыргызстанда башаламандык тезирээк болсо экен деп, чычкан аңдыган мышыктай, аңдып Москвада жүрөт дешет. Учурунда “Гарыбсага” каршы күрөштүн туусу Албек Ибраимов болуп калгандай. 1-классты мыкты бүтүргөн же болбосо 2-класстын орто окуучусу «коррупция» деген сөздү жаздырса ашып кетсе бир ката кетирет. Ал эми 2016-жылы Кубаныч Кулматовду «жегич» деп кубалап ордуна келген Албек Ибраимовдун билим сапаты кандай экенин билбейбиз. Бишкек мэрине шайлоо алдында кадыр-барктуу адамдардан тил комиссиясы түзүлгөн. «Гарыбсага» каршы күрөшөм деген Албек Ибраимовдун жазгандары соцтармакка тарап кеткен. Уяты бар тил комиссиясы болгондо «сабаттуулугуңузду жоюп келиңиз» деп айдап жибермек. Тил комиссиясы уялбай туруп Албек Ибраимовду макташып, Бишкек депутаттары мэр кылып дароо шайлашкан. «Кызыл-кызыл кекиртек,кыйла жерге секиртет» деген ушул.

Балким грамматикадан начар Албек Ибраимов арифметикадан абдан күчтүүдүр. Анткени, анын алдында тараза тартуу жагынан эч ким тең келбейт дешчү. Арашандык Албек Ибраимов Кытайга темир саткан Атамбаевдин мыкты таразачысы болуптур. Арашанда кээ бирөө үй курганга 5 сотых жер таппай жүрсө, ал 5030 сотых же 50,3 гектар жерди өзү басып жатты. Мэр болуп турганда Азамат Үсөновго кызын берип Кыргызстанды дүңгүрөтүп чоң үйлөнүү үлпөтүн уюштурган. Эркек жагынан 600 адамды ээрчитип жоо чаап ала тургансып Аскар Салымбеков келген. Кыз берүүчүлөр жагында ал кездеги президентти жубайы Раиса Атамбаева Бабановдун жубайын колтуктап кирип келгенде Аскар Салымбековдун оозунан сөзү түшүп «дудук» болуп он мүнөт туруп калган дешет, он мүнөттөн соң от алып, кетер кеткиче Башкы кудагыйы Атамбаеваны мактай берип Албек Ибраимовдун кызы менен Азамат Үсөнов унутулуп калды дешкен. Албек Ибраимов «Колуна карга чычып турганда» күйөө баласы Азамат Үсөновду унуткан жок. Күйөө баласын өз фамилиясына Азамат Ибраимов деп котортпосо да, Кытайга элчи кылып жибертет. Анын аталаш иниси ИГИЛдин согушчан-террористерин курал сатып камалган Максат Кунакунов темир тор аркасын көрүп келген.

Албек Ибраимов мульти –миллионер, учурунда президент болуп турган жердешине жер саттым деп чуу болгон, аны сатпай эле белекке берген деп жүрүшөт, бул тууралуу өзүнчө сөз болот. Бул тууралуу өзгөчө сөз болор.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости