www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Чоң жети” уюмунун мүчөлөү Орусияга каршы санкцияларын күчөтмөй болду, ал эми Кошмо Штаттар жаңы санкциялар жарыяланарын билдирди.
Мындай чечим 8-майда аталган өлкөлөрдүн лидерлеринин видео байланыш аркылуу уюштурулган жыйынында кабыл алынды. Жыйынга Украинанын президенти Владимир Зеленский да катышты.

Анда Орусияны экономикалык изоляцияда калтыруу чараларын күчөтүү, Владимир Путинди колдогон орусиялык элитага каршы өнөктүктү жаңы деңгээлге чыгаруу, Орусияны негизги каржылык жана башка тейлөө кызматтарынан ажыратып, бул өлкөнүн мунайынан бара-бара баш тартуу пландары талкууланды.

"Чоң жетиге" Улуу Британия, Германия, Италия, Канада, Франция, Жапония жана АКШ мүчө.

Орусия 24-февралда Украинага кол салган. Муну өзү "атайын операция" деп атоодо. Дүйнө коомчулугу Орусияны агрессор катары айыптап жатат.

Кыргызстан Украина-Орусия маселесинде бейтарап экенин 24-мартта Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости