www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Манасты, манасчыларды оюнчук кылуу жакшылыкка алып келбейт, кусуру катуу. Бул тууралуу саясатчы Эмилбек Каптагаев өзүнүн Facebook баракчасына билдирди.

"Туугандар, "бир ит көрүп үрөт, жүз ит көрбөй үрөт" дегендей билгени деле, билбегени деле жабыла эле Манасчыларга, айрыкча азыркынын залкарлары  Дөөлөт менен Рыспайга карай бок-сактын баарын шилей баштаганы жаман көрүнүш.

Акыл-эске сыйбай турган иш болуп жатат. Дөөлөт менен Рыспайдын атын атап сөз айтмак турсун, он кадам жакын жанына келгенге татыксыз пенделер жабыла  дөөрүп жатканына жан ачыйт экен.

Бир нерсени түшүнсөк, врач, мугалим, инженер же дагы башка кесипти окуп-үйрөнүп иштеп кетүүгө болот, бир сомду туудуруп эки сом кылып бизнесмен болуп кетүүгө болот, бирок Манасчы болом деген эле манасчы боло албайт, Манасчы болуп калуу - бул бир купуя сыр, кайып нерсе.

Манас айткан ар бир инсан - улуттук дөөлөтүбүз (национальное достояние дейт орусча), улуттук сыймыгыбыз.

Алар кара курсактын камы менен эле жүргөн көр пенде эмес. Алар Улуттук Улуу Рухтун  учугун улачулар. Алардын ар бирин сыйлап, кадырлар-кастарлап көтөрүп алуу биздин милдет.

Кимиси Сагымбай, кимиси Саякбайдай болуп тарыхта калат, кимиси калбайт, аны мезгил көрсөтөт, чыгармачылык дараметтери көрсөтөт.

Манасты, манасчыларды оюнчук кылуу жакшылыкка алып келбейт, кусуру катуу", - деп жазган саясатчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости