www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик органдарда кызматкерлердин санын кыскартуу боюнча тапшырма берди. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн маалымат булактары жазышууда. 

2021-жылдын 1-майына чейин мамлекеттик жана жергиликтүү органдарда башкаруучулук кызматтагылардын саны 15 пайызга кыскартылышы керек.

Ошондой эле айрым чакан түзүмдөр түп-орду менен жоюлуп, алардын милдеттери министрликтерге жүктөлмөкчү.

"Ушул тапта мамлекеттик бюджеттен каржыланган 53 органда 44 099 жетекчи бар. Алардын арасынан 5 308 орун кыскартылып, 1-майга чейин 38 791 гана жетекчи калышы керек", — деп айтылат кабарда.

Ошондой эле министрлердин 110 орун басарынын ичинен 57си гана өз кызматында калмакчы.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости