www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иранда коронавирустун 4-толкуну башталды

Ирандын 2 провинциясында коронавирустун төртүнчү толкуну башталды. Бул тууралуу Иран өлкөсүнүн президенти Хасан Роухани массалык маалымат каражаттарына билдиргендигин чет элдик басылмалар жазышууда.

"Тилекке каршы, эки провинцияда коронавирустун төртүнчү толкуну башталды. Эгерде санитардык талаптарды аткарбасак, башка аймактарда да башталуусу толук мүмкүн", - деген өлкө башчсы.

Илдеттин 4-толкуну кайсы провинцияларда башталганы толук айтылган эмес. Акыркы убактарда Иранда коронавирус жуктуруп алгандардын саны көп болуп, эпидемиологиялык кырдаал курч болуп турган маал. 1-апрель күнү 11 миңден ашуун адамдан илдет аныкталган. Акыркы жолу мындай жогорку көрсөткүч декабрь айында катталгандыгы айтылган. Расмий статистикага ылайык, Иранда пандемия башталгандан бери коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 1 миллион 908 миң 974 адамды түздү. Ал эми бул илдеттен каза болгондордун саны 62 миң 876. Бул илдеттен сакайып чыккандардын саны 1 миллион 633 миң 946 адамды түздү.

Иран өлкөсүндө ушул жылдын 9-февралында калкты коронавируска каршы эмдөө башталган. Анда орусиялык Спутник V вакцинасы колдонулуп баштаган. Ошондой эле 28-февралда кытайлык Sinopharm вакцинасы келген. Ал эми ата мекендик өндүрүштөгү вакцинаны апрель айында колдонуу пландалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости