www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2021-жылдын 11-майындагы өкүмү менен Улан Жураев Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 203-беренеси 2-пунктунун 3-бөлүгү боюнча (Опузалап талап кылуу) кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылды.

Жарандык активисттер Улан Жураев менен Мелис Аспеков «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен быйыл 8-январда кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет экөөнө каршы Жазык кодексинин «Опузалап талап кылуу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Улан Жураевге VI категориядагы 2600 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, башкача айтканда, 260 миң сом айып пул салынды.

Мелис Аспековдун иши боюнча 25-майдагы сот отурумунда жабырлануучулар Дашков, Насыров жана Мурзамидиновдун өкүлү Галия Абдырахманова У. Жураев тергөө менен кызматташуу боюнча келишим түзгөнүн билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости