www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

WhatsApp мессенжеринде жаңы функция пайда болду

WhatsApp мессенжеринде үн билдирүүлөрүн тездетүү мүмкүнчүлүгү жаралды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Басылмалардын маалыматына ылайык, бир нече күн мурун WhatsApp бул жаңы функцияны платформанын бета-программасына катталган колдонуучуларга жарыялады. Эми акыркы жаңыртуунун жардамында функция бардык түзмөктөрдө жеткиликтүү болот. Функцияны сыноо ушул жылдын март айында башталган.
WhatsАpp үн билдирүүлөрү үчүн үч ылдамдыкты сунуштайт: 1x ылдамдануу (баштапкы ылдамдык), 1,5x жана 2x. Билдирүүнү угуп жатканда тиешелүү баскычты колдонуу менен ылдамдыкты которсо болот.

Белгилей кетүүчү жагдай, кийинки жолу аудио укканда WhatsApp демейкиде колдонулган акыркы ылдамдыгын сактайт.

Компания ошондой эле колдонуучуларга жазылган аудио билдирүүлөрдү жөнөтүүдөн мурун угууга мүмкүнчүлүк берерин жарыялады. Эгер колдонуучу жөнөтүлгөн үн кабарына ишенбесе, аудиону кайрадан жазууга болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости