www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
5-майда ЖККУнун башкы катчысы Таалатбек Масадыков Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу менен жолугушту.
Таалатбек Масадыков Сергей Шойгуга ушул жылдын биринчи жарымында ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчылары менен болгон жолугушууларынын жыйынтыктары, ошондой эле 2025-жылдын ноябрь айындагы ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясынын чечимдерин ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планынын жүрүшү жана Россиянын төрагалыгы учурундагы уюмдун ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары тууралуу маалымат берди.
Тараптар ошондой эле 26-майда өтө турган ЖККУнун Коопсуздук кеңешинин катчыларынын комитетинин жыйынынын күн тартибин жана уюмдун ишмердүүлүгүнө байланыштуу башка актуалдуу маселелерди талкуулашты.
Россиянын 2026-жылы ЖККУга төрагалыгы "Көп полярдуу дүйнөдө жамааттык коопсуздук: жалпы максат, биргелешкен жоопкерчилик" деген ураан астында өтүүдө.