www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖККУ мүчө-мамлекет башчылары бүгүн, 8-ноябрда, Казакстандын Астана шаарында  Жамааттык Коопсуздук  жөнүндө  Келишим Уюмунун Жамааттык коопсуздук Кеңешинин  Декларациясына кол коюшту.

Анын ичинде төмөнкү документтерге кол коюлду:

  1. «Эл аралык террористтик уюмдар тарабында куралдуу кагылыштарга катышкан адамдарга карата координацияланган  чаралар жөнүндө«  Жамааттык Коопсуздук жөнүндө кызматташуу уюмунун мүчө-мамлекет башчыларынын билдирүүсү жөнүндө.
  2. 1992-жылдын 15-майында кабыл алынган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Экинчи протокол.
  3. 2002-жылдын 7-октябрында кабыл алынган ЖККУнун Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Экинчи протокол.
  4. 2002-жылдын 7-октябрында кабыл алынган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Үчүнчү протокол.
  5. «Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун алдындагы Байкоочунун жана Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим уюмунун Өнөктөшүнүн статустарын укуктук жактан тариздөө жөнүндө« ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечими.
  6. «Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим Уюмунун органдарынын жол-жоболорунун эрежелерине жана Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим Уюмунун органдары жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу« ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечими.
  7. ЖККУнун укуктук статусу жөнүндө Келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Экинчи протокол.
  8. «Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Башкы катчысынын жылдык доклады жөнүндө« ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечими.
  9. «2015-жылдын 15-сентябрында кабыл алынган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскерлерин (Жамааттык күчтөрдү) башкарууну уюштуруу тууралуу« Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин Чечимине толуктоо киргизүү тууралуу» ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечими.
  10. «Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Кризистик жооп кайтаруу Борбору тууралуу Жобо жөнүндө»  ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечими.
  11. «Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин  баңги затты мыйзамсыз жүгүртүүгө  каршы аракеттенүү боюнча компетенттүү органдарынын жетекчилеринин координациялык кеңеши жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечими.
  12. «Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын Төрагасы жөнүндө» ЖККУнун  Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечими.
  13. «Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык күчтөрүнүн ыкчам чара көрүү боюнча атайын багыттагы аскердик контингентинин жана түзүмдөрүнүн курамы жөнүндө» ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечими.
  14. «Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин кызыкчылыгындагы координацияланган маалымат саясатын өнүктүрүү боюнча иш- чаралардын Планы жөнүндө» ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечими.
  15. «2017-жылга карата Жамааттык коопсуздук  жөнүндө келишим уюмунун бюджетинин аткарылышы тууралуу отчет жөнүндө»  ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечими.
  16. «Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун 2019-жылга карата бюджети жөнүндө» ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечими.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости