www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров Астана шаарында (Казакстан Республикасы) «Digital Bridge» Эл аралык инновациялык форумунун ишине катышы.

Ошондой эле Замирбек Аскаров Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен биргеликте Эл аралык эксперттик коомчулуктун 5-кеңешмесине катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Замирбек Аскаров Кыргыз Республикасындагы чет элдик инвесторлор менен иштөө тажрыйбасы тууралуу маалымат менен бөлүштү.

«Санариптик экономиканы өнүктүрүүнүн глобалдык тренддери жөнүндө» темасындагы панелдик дискуссиянын жүрүшүндө вице-премьер-министр белгилегендей, ал эки өлкөнүн программасын ишке ашыруудан санариптик интеграциялашууну күтүүдө.

«Кыргыздар жана казактар – бир эл. Биз бири-бирибизди сандар гана аркылуу эмес, биздин тилибиз аркылуу да түшүнүшө алабыз. Сиздерге белгилүү болгондой, инфраструктура муундарды жана аймактарды бириктирет. Эгерде биз бүгүн санариптик инфраструктураны ырааттуу түзө турган болсок, анын жыйынтыгында биздин програмалар элибизди бириктирет. Бул санариптештирүү үчүн бирдиктүү укуктук чөйрөнү түзүүгө да байланыштуу.  Анда процесстерди формалдаштыруу да бирдиктүү болуп, программисттерге ыңгайлуу жана жеңил болот», – деди Замирбек Аскаров.

Маалымдама. «Digital Bridge» – тажрыйба алмашуу жана инновациялык чечимдер, ошондой эле Борбордук Азия жана дүйнө аралык санариптик көпүрө түзүү максатындагы жыл сайын өтүүчү форум. Быйылкы жылы иш-чарага ар кыл өлкөлөрдүн маанилүү мамлекеттик секторунан, эл аралык  ИТ-коомчулуктан өкүлдөр, технология жаатындагы эксперттер, ишкана жетекчилери, окумуштуулар, ошондой эле 25 ашуун өлкөдөн венчурдук инвесторлор катышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости