www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев баштаган депутаттар тобу “Биздин добуш” коомдук фонду менен бирге 16 күндүк зордук зомбулукка каршы уюштурулган акцияга катышышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев, акциянын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирди.

«Тилекке каршы, учурда балдарга жана аялдарга карата жасалган зордук-зомбулук учурлары көп кездешүүдө. Мындай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу үчүн жалпы эл аракет кылуусу керек. Ал эми коомду, жаштарды аң сезимдүү жашоо образына тартууда ушундай иш-чаралардын өтүп туруусу абдан маанилүү. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан зордук-зомбулукка каршы мыйзамдар сунушталып, зөөкүрлүккө жазалар күчөтүлгөн. Азыр зомбулук жасаган кылмышкер 17 жылдан өмүр бою эркинен ажыратылат», - деди Нурланбек Азыгалиев.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости