www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

19 жаштагы блогер Ырыс Жекшеналиевдин соту башталды

Бүгүн, 7-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыкка чакырган деп айыпталган 19 жаштагы блогер Ырыс Жекшеналиевдин соту башталды.

Сот айыпталуучунун өздүгүн тактады. Ырыс Жекшеналиев колледжди аяктаганын, учурда Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын студенти экенин айтты.

«Мурда соттолгон жана жоопко тартылган эмесмин», - деди Ырыс Жекшеналиев.

Эске салсак, «Саясий туткун» Фейсбуктагы баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиев бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандык уюштурууга чакырык жасаган деп айыпталууда. 14-августта ИИМдин тергөө кызматына жеткирилип, андан соң кармалып, Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге киргизилген. Эки айдан кийин ал үй камагына бошотулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости