www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокурордун кызмат орду Жогорку Кеңештин депутаттарысыз чечилбейт! Мындай пикирин депутат Жеңишбек Токторбаев бүгүн, 7-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Урматтуу кыргызстандыктар!

Баарыңыздарга белгилүү болгондой 2022-жылдын 30-ноябрындагы Жогорку Кеңештин жыйынында кесиптешим Шайлообек Карыбекович экөөбүз прокуратура органдарындагы коррупция тууралуу сөз сүйлөгөнүбүздөн кийин, саат 15:00 чамасында прокуратура органдарынын тергөөчүлөрү келген. Сурак берүү үчүн мажбурлап Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын имаратына алып барып, 4 саатка жакын кармап сурака алышты.
Башкы прокуратура колуна тийген эбегейсиз бийлике манчыркап, өздөрүн элден бийик сезип, элдин тагдыры менен ойноп көнүп калышкан экен.
Мурдагы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев медицина тармагында реформаларды жүргүзүп жакшы иштеп жаткан жеринен, жалган жалаа менен 7 кылмыш ишин козгоп, 1 айга камап элге жаман аттуу кылды. Кийин Башкы прокуратура козгогон кылмыш иши негизсиз болуп тергөөнүн жүрүшүндө бардык кылмыш иштери кыскарды. 

Башкы прокуратура тарабынан күнөөсү жок адамдарга кылмыш ишин козгоп айлап камаган фактылар көп. Бул адамдар канча моралдык материалдык чыгымдарды тартышты. Булардын укуктарын ким коргоп, чыгымдарынын ордун толтуруп берет?!
Жогорку Кеңеш бул стратегиялык-режимдик объект. Прокуратура кызматкерлери тоскоолдуксуз ар бир депутаттын кабинетине кирип, мажбурлап суракка алып кетип жатышат. Булар  мыйзамдарды жана өз милдеттерин билишпейби эмне?
Башкы прокуратурада иштеш үчүн кымбат костюм шым, кымбат рубашка, кымбат туфли болсо эле болду экен, башкасы деле кереги жоктой. Мен ушундай деп түшүндүм.

Урматтуу кесиптештер!

Башкы прокуратура аша чаап, өз иш-аракеттери менен Конституциянын 78-беренесин, Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө Мыйзамдын 137-беренесин жана Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө Мыйзамдын 24-беренесин одоно бузду.
Эгер, мамлекетте мыйзамдардын так аткарылышын көзөмөлдөгөн орган Мыйзам чыгаруучу органдын мүчөсүн Конституцияны одоно бузуу менен ушундай кысымга алып жатса, анда башка жөнөкөй жарандарга кандай кордук көрсөтүп жатат деген суроо туулат!

Урматтуу депутаттар! 

Жогорку Кеңештин депутаттарына карата Башкы прокуратура тарабынан жасалган одоно мыйзам бузууларды иликтеп, укуктук баа берүү үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунуштайм", - деди депутат Токторбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости