www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеш республиканын аймагында уран кенин казууга жана чалгындоого тыюу салынсын деген чечим кабыл алды.

ЖК төрагасы Дастанбек Жумабеков парламентте Кызыл – Омпол уран кенин караган жыйынды жыйынтыктап жатып атайын саясый чечим менен тааныштырды.

Депутаттар да, өкмөт да мыйзам долбоорлорун иштеп чыгат, талкуу болот. Бирок негизинен парламент саясий чечим кабыл алды - Кыргызстандын бардык аймактарында уран кендери токтотулат. Чалгындоо жана иштетүү максатында - баарына тыюу салынат”- деп айтты төрага.

Аталган токтомго «калктын радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун маалыматы эске алынсын. Өкмөт «коомдук резонансты эске алуу менен, калктын өмүрүнө, ден соолугуна жана айлана-чөйрөнүн коопсуздугуна коркунуч жаратышы мүмкүн болгон радиоактивдүү элементтер камтылган кен чыккан жерлерге геологиялык чалгындоо иштерине жана иштетүүгө тыюу салсын»- деп жазылган.

Ошону менен катар «Кыргызстандагы ЮрАзия» ишканасына карата «радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы мыйзамдарды сакталуусу боюнча текшерүү жүргүзүү талабы коюлду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости