www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ата-эненин өз балдарына карата укук жана милдеттери бирдей!

Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 68-беренесинин 1-бөлүмүндө: “Ата-энелер (аларды алмаштырган адамдар) баланы тарбиялоого, алардын билим алышына камкордук көрүүгө, жашына жана жөндөмдүүлүгүнө жараша анын иш-аракетин жетектөөгө укуктуу жана милдеттүү” деп көрсөтүлгөн.

Ушул эле кодекстин 85-беренесине ылайык жолдошуңуз кайсы мамлекетте жашабасын, жашы жетпеген балдарын багууга милдеттүү.

Кыргызстан Нью-Йорк шаарында кабыл алынган “Чет өлкөдөн алименттерди өндүрүп алуу тууралуу” конвенцияга кошулган.

Сиз жашаган жериңиз боюнча сотко алимент өндүрүү арызы менен кайрыласыз. Болгону күйөөңүздүн дарегин так билишиңиз керек. Эгерде билбесеңиз, акыркы жашап кеткен дарегин көрсөтөсүз.

Сотко кайрылуу тартибин жана алимент өндүрүү боюнча арыздын үлгүсүн бул жерден таба аласыз: 

Жергиликтүү соттон алимент өндүрүү жөнүндө буйрукту алгандан кийин, сизге белгилүү болгон күйөөңүздүн акыркы жашаган дареги боюнча сот аткаруучулар кызматына арыз жазасыз. Алар кайрылууңуздун негизинде соттун буйругун аткарышат.

Ошондой эле, Кыргызстан бир канча мамлекеттер менен эл аралык келишим түзгөн. Кызматташкан өлкөлөр бири-бирине жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча укуктук жардам көрсөтүшөт.

Күйөөңүз төмөндөгү мамлекеттердин бирөөсүндө болсо, соттун буйругун өзүңүз жашаган соттун кеңсеси аркылуу жиберсеңиз, алар алимент өндүрүп берүүгө көмөктөшөт. 

  • Азербайджан
  • Молдова
  • Армения
  • Беларусия
  • Таджикистан
  • Грузия
  • Түркменистан
  • Казахстан
  • Өзбекистан
  • Россия Федерациясы

Нурислам Раимжанович, юрист

Булак: "bilesinbi.kg" 

 

Последние новости